№9 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 8-июлундагы №27 Чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 8-июлундагы №27 Чечими менен, “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Кошунунун ортосундагы Финансылык келишимди ишке ашыруу алкагында Байкоочу комитети түзүлгөн.  Кыргыз Республикасынын министрликтериндеги жана ведомстволорундагы кадрдык өзгөрүүлөрдү эске алып, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” программасы боюнча Байкоочу комитетинин курамына өзгөртүүлөр киргизилсин, жана 1-Тиркемеге ылайык жаңы редакцияда берилсин.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
 
Төрага                                                                         Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2018-жылдын 24-майы
№ 9