Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 28.09.2017 №88 «Демократия жана жарандык коом үчүн» КБнын …

28.09.2017 №88 «Демократия жана жарандык коом үчүн» КБнын 2017-жылдын 24-сентябрындагы кир. № 01-13/2322 арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары –Борбордук шайлоо комиссиясы) «Демократия жана жарандык коом үчүн» КБ (мындан ары-арыздануучу) 2017-жылдын 24-сентябрында кир. № 01-13/2322 арызы менен кайрылган.
«Демократия жана жарандык коом үчүн» КБнын арызында                           20-сентябрында «Азаттык» радиосунун интернет-сайтында «Кара-Суу: Жээнбековдун штабынан чыккан талаш» деген макала жарыяланганы көрсөтүлгөн. Ош областынын Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы №65 орто мектептин имаратында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун шайлоо штабы жайгашкан, мектептин ушул эле имаратында № 5237 УШК, ошондой эле милициянын бөлүмчөсү жайгашкан.
Өз арызындагы талаптарга карата арыздануучу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер                                 С.Ш. Жээнбековдун шайлоо штабынын № 5237 участкалык шайлоо комиссиясы менен бир имаратта жайгашуусунун мыйзамдуулугун кароону жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун пайдасына шайлоо алдындагы мыйзамсыз үгүтөө маселесин кароону өтүнгөн.
«Демократия жана жарандык коом үчүн» КБнын арызын изилдеп чыгып Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын катына ылайык, арызда көрсөтүлгөн факты боюнча Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн катышуусу менен текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган орун жайда почта бөлүмү, участкалык инспектордун кабинети жана Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттарынын коомдук кабылдамасы жайгашканы аныкталды. Ошондой эле катта Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун штабынын участкалык шайлоо комиссиясы менен бир имаратта жайгашкандыгы жөнүндө факты ырасталбаганы көрсөтүлгөн.
Конституциялык Мыйзамдын 43-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5 абзацынын негизинде мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат. Арыздар (даттануулар) жүйөлүү болуп, аларга негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.
Айтылгандарды эске алып, арызда көрсөтүлгөн фактыларды тастыктай турган далилдер жоктугуна байланыштуу Борбордуук шайлоо комиссиясы арызды канааттандыруудан баш тартуу чечимине келди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 14.06.2017-ж. №154 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу тобу жөнүндө» Жобонун 3-главасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Демократия жана жарандык коом үчүн» КБнын арызын канааттандыруудан - баш тартылсын.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимди аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө  шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө  боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси Н.Т. Ариповго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 28-сентябры
№ 88