Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 24.09.2017 №83 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер …

24.09.2017 №83 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Ирискулбековдун, «Жарандык платформа» КФнын, А.Турдукуловдун арыздары жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары –Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсү Д.Т.Зилалиевдин мыйзамсыз үгүтү жөнүндө арыздар менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Ирискулбеков, «Жарандык платформа» коомдук фондунун директору А.Усупбекова, жаран А. Турдукулов арыздар менен кайрылган.

Берилган арыздарда арыз ээлери «КСДП» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбеков өз шайлоо алдындагы үгүтүнө аткаруу бийлик органдарындагы мурдагы баш ийген адамдарды тарта баштады деп көрсөткөн. Арыз ээлери Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ишин айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасы 2017-жылдын 19-сентябрында Баткен областынын активи менен жолугушуунун учурунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековүчүн үгүт жүргүздү деп көрсөткөн.

Өз арыздарда арыз ээлери Борбордук шайлоо комиссиясынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун жоопкерчилигин кароону, жол берген бузуулары үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.Т. Зилалиевди тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ж. Исаковго сунуш киргизүүнү, шайлоо мыйзамдарын бузууга жол берилгистигижөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дарегине Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрылуусун кабыл алууну өтүнгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуубоюнча жумушчу топтун (мындан ары –Жумушчу топ) отурумуна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.Т. Зилалиевжана арыз ээлери Э.Ирискулбеков, А. Турдукулов, ошондой эле «Жарандык платформа» КФ коомдук фондунун өкүлү М.Орынтаева чакырылды.

Арыз ээлери Жумушчу топтун отурумунда арыздарда келтирилген далилдерди жана талаптарды жактады.

Өз кезегинде Д.Т. Зилалиев анынсөздөрү түшкү тамакка тыныгуу учурунда, тар чөйрөдө, жалпыга маалымдоо каражаттары жана Баткен областынын активи катышпастан айтылганынтүшүндүрдү, ошондой эле ал «менин сөздөрүмдү үгүт катары кабыл албагыла» деп бир нече жолу кайталаганын эсе алууну өтүндү. Ошондой эле Д.Т. Зилалиев буларды көрсөттү: талапкерлердин, талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктууөкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоо кампаниясынын алдындагы маалыматты даярдоо жана таратуу боюнча иши шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат жана ал саналып өткөн адамдардын бири болуп саналбайт. Контексттен бөлүп алынган сөздөр катышып жаткандардын бири берген суроого жооп болгон, бул сөздөр кызматтык көчмө иш-чаранын алкагына кирбейт. Д.Т. Зилалиевдин пикири боюнча, ал айткандар анын жеке жарандык позициясын билдирүүболуп саналат, ал эми анын жарандык позициясын үгүт катары кабыл алышкан.

Жумушчу топтун отурумунун жүрүшүндө ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Ж.Сманбаева жана Р.Бекбасаров сөз сүйлөдү. Ж.Сманбаева бул жагдайга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун тиешеси жок жана болуп өткөндүн себептик байланышы жок деп белгиледи. Арыз ээлеринин талаптары негизсиз жана орунсуз деп эсептейт. Ж.СманбаеваБаткен областына Д.Зилалиев Баткен областынын активисттери менен жолугушууга берилген ыйгарым укуктардын алкагында барганын белгиледи. Өз кезегинде, Баткен областынын активисттери менен жолугушууда Д.Зилалиев таза, ачык жана демократиялык шайлоону өткөрүүгө чакырды жана кандайдыр-бир талапкердин пайдасына үгүт жүргүзгөн жок.

Арыздарды карап чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясытөмөнкүлөрдү белгилейт.

Арыз ээлери шилтеме жасаган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, судьялар, диний уюмдардын өкүлдөрү, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укугу жок.

Бирок Жумушчу топтун отурумунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин сөздөрү Баткен областынын активи менен эмес, түшкү тамак учурунда тар чөйрөдө айтылганы белгиленди. Арыз ээлери шилтеме жасап жаткан, контексттен бөлүп алынган сөздөр анын жеке жарандык позициясын билдирүү болуп саналат. Тескерисинче, Баткен областынын активи мененжолугушуунун учурунда Д.Зилалиев таза, ачык жана демократиялык шайлоону өткөрүүгө чакырган. Көрсөтүлгөндөргө байланыштуу, түшкү тамакка тыныгуу учурунда тар чөйрөдө кандайдыр-бир талапкерге артыкчылык билдирүү жөнүндө Д.Зилалиевдин айткандары үгүттөө сөзү болуп санала тургандыгы тууралуу арыз ээлеринин далилдери орунсуз.

Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу. Жогоруда көрсөтүлгөндөн Д.Зилалиевдинайткандары жеке жарандык позиция катары аныктала тургандыгыкелип чыгат.

Борбордук шайлоо комиссиясы арыз ээлери Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун жана Д.Зилалиевдинортосундагы байланышты ырастаган далилдерди берген эмес деп белгилейт. Д.ЗилалиевС.Ш. Жээнбековго баш ийе тургандыгыжагынан арыз ээлеринин шилтемелери орунсуз, анткени С.Ш. ЖээнбековКыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 22-августундагы ПЖ № 149 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордунан бошотулган, тиешелүү түрдө Д.Т. Зилалиев анын карамагында турбайт.

Көрсөтүлгөндөргө байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековго эскертүү чыгаруу жөнүндө арыз ээлеринин талаптары канааттандырылууга тийиш эмес деп белгилейт.

Жол берген бузуулары үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.Т. Зилалиевди тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ж. Исаковго сунуш киргизүү тууралуу арыз ээлеринин талаптары жагынан Борбордук шайлоо комиссиясы буларды белгиледи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Д.Т. Зилалиевге карата, өз демилгеси боюнча, тез арада эскертүү, ошондой эле ушул окуядан кийинки күнү аны Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотуу түрүндө тартип жаза чаралары колдонулду.

Ошону менен бирге белгилеп кетүү керек, ошол учурга карата Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси болуп саналган Д.Зилалиевдин айткандары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда мыйзамдуулукту, ак ниеттүүлүктү жана ачыктыкты камсыз кылуубоюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүишке ашырып жаткан чараларга көлөкө түшүрөт. Көрсөтүлгөндөргө байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясыД.Зилалиевге карата эскертүү түрүндө колдонулган тартип жазасы ал жасаган жоруктун деңгээлине ылайык келбейт деп эсептейт жана алда канча катуу чара көрүүнү сунуштайт.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренсинин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары, прокуратура органдары, ички иштер органдары Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын так сакталышын камсыз кылат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ  КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Ирискулбековдун, «Жарандык платформа» КФнын, А.Турдукуловдун арыздары жарым-жартылай канааттандырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.Т. Зилалиев жагынан кабыл алынган тартип жоопкерчилик чарасын алда канча катуу чарага өзгөртүү жөнүндө маселени кароо сунушталсын.

3. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековго эскертүү чыгаруу жөнүндө арыз ээлеринин талаптарын канааттандыруудан баш тартылсын.

4.Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 24-сентябры

№ 83