Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 24.09.2017 №82 Э. Ирискулбековдун арызы жөнүндө

24.09.2017 №82 Э. Ирискулбековдун арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө. Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Б. Ирискулбековдон (мындан ары – арыз ээси) 17.09.2017-жылы жалпыга маалымдоо каражаты тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 28-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарын бузуу туурасында кир.№ 01-12/2160 арыз келип түшкөн.
Өз арызында арыз ээси 2017-жылдын 15-сентябрында «Вечерний Бишкек» газетасынын интернет-сайтында «Ызы-чуулуу «Коопсуз шаар» же Президенттикке талапкер эмнеге унчукпайт?» деген аталыштагы макала жарыяланганын көрсөткөн. Арыз ээси макала Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө. Т. Бабановдун ар-намысына, абийирине жана ишкер беделине зыян келтирген материалды камтыйт деп эсептейт.   
Ошондой эле арыз ээси макаланын автору Ө. Т. Бабановду «Коопсуз шаар» долбоорунун создуруп кетишине жана жол кырсыктарынын натыйжасында адамдардын каза таап жатканына күнөөлөгөн деп эсептейт.  
Өз арызында арыз ээси Борбордук шайлоо комиссиясынан «Вечерний Бишкек» газетасынын интернет-сайтынын редакциясын «Интернет» тармагына жайгаштырылган «Ызы-чуулуу «Коопсуз шаар» же Президенттикке талапкер эмнеге унчукпайт?» деп аталган макаланы алып салууга жана төгүндөө жарыялоого милдеттендирүүнү, газетанын жана «Вечерний Бишкек» интернет-сайтынын аккредитациясын чакыртып алууну өтүнгөн.
КР БШКнын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө  шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө  боюнча Жумушчу тобужана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу (мындан ары – Жумушчу топтор) 2017-жылдын 22-сентябрындагы биргелешкен жыйналышында берилген арызды маңызы боюнча карап чыкты.  
 Арыз ээсинин далилдерин калыс карап жана иликтеп чыгуу, ага баа берүү максатында Жумушчу топтордун биргелешкен жыйынына арыз ээси, үстүнөн арыз берилген «Вечерний Бишкек» Басма үйү» ЖАКтын өкүлү чакырылган. 
Жумушчу топтордун биргелешкен жыйналышында арыз ээси өз арызын колдогон жана коюлган талаптарды канааттандырууну өтүнгөн. Биргелешкен жыйналышта «Вечерний Бишкек» Басма үйү» ЖАКтын өкүлү – Дюшеева Жаңыл аталган макала жарыялангандан 2 күндөн кийин «Вечерний Бишкек» газетасынын интернет-сайтынан алынып салынганын жана Э.Б. Ирискулбековдун арызын кароо учуруна карата аталган макала сайтта жок экенин белгиледи.
 «Вечерний Бишкек» Басма үйү» ЖАКтын өкүлү шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелеринин ченемдерин сактоо талабы жалпыга маалымдоо каражаттарынын сөз эркиндигине жана калкты ачык кабарландырууга болгон укугун бузбоого тийиш экенин түшүндүрдү. Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы макаладагы талапкерлердин ар-намысына, абийирине жана ишкер беделине зыян келтирген маалыматтардын камтылышын аныктоо үчүн сот же укук коргоо органдарынын функцияларын өзүнө алууга укугу жок экенин түшүндүрдү. Өз кезегинде арыз ээси жарыяланган макалада КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө. Т. Бабановду иш жүзүндө калпычы деп аташканын көрсөттү. Макалада жарыяланган маалыматтарды тастыктаган же төгүндөгөн башка далилдер арыз ээси тарабынан берилген эмес.     
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө. Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Б. Ирискулбековдон 17.09.2017-жылы жалпыга маалымдоо каражаты тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарын бузуу туурасындагы арызын канааттандыруу төмөнкү негиздер боюнча баш тартууга жатаары жөнүндө бүтүмгө келет. 
Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, башка жактар, шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишкер беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөө жарыялоого же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө түшүндүрмө жарыялоого милдеттүү. Төгүндөө же түшүндүрмө атайын рубрикада же болбосо жооп берилип жаткан маалымат басылган тилкеде, ошондой арип менен мезгилдүү басылманын кийинки санында, ал эми телекөрсөтүү же радио боюнча чыгып сүйлөөгө төгүндөө же түшүндүрмө - төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн кийинки чыгарылышта берилет.
КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө. Т. Бабанов же анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү макалага төгүндөө берүү же түшүндүрмө берүү талабы менен «Вечерний Бишкек» интернет-сайтынын редакциясына кайрылышкан эмес. 
 Ошону менен Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 7-бөлүгүндө талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, ушул берененин 2, 3 жана 5-бөлүктөрүнүн талаптарын бузган учурда, шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, укукка каршы үгүт ишин токтотуу жана күнөөлүү адамдарды ушул конституциялык Мыйзамда жана колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө укук коргоо органдарына, сотко сунуштама менен кайрылууга укуктуу экени белгиленген.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 21-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароонун тартиби жөнүндө» Жобонун 1.10. пунктун, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө  шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө  боюнча Жумушчу тобунунжана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун биргелешкен чечимин жетекчиликке алып,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө. Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Б. Ирискулбековдон 17.09.2017-жылы жалпыга маалымдоо каражаты тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарын бузуу тууралуу арызын канааттандыруудан баш тартылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө. Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Б. Ирискулбековдон 17.09.2017-жылы жалпыга маалымдоо каражаты тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарын бузуу туурасында арызы укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын карап чыгуу боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси А.Т. Асаналиевге, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө  шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө  боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси Н. Т. Ариповго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш.,2017-жылдын 24-сентябры
№  82