Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 20.09.2017 №79 Ош областынын Араван районундагы С. Юсупов …

20.09.2017 №79 Ош областынын Араван районундагы С. Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Файзуллаев үгүт жүргүзүшү жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө
2017-жылдын 13-сентябрында «Азаттык» радиосунун жаңылыктарында «Араван районунда айыл өкмөтүнүн башчысы Жеенбеков үчүн үгүт жүргүздү (видео)» деген аталыштагы макала жарыяланды.
Жарыяланган макалага ылайык: «Ош областынын Араван районунда С.Юсупов айылында айыл өкмөтүнүн башчысы Шукурулло Файзуллаев 2017-жылдын 12-сентябрында жергиликтүү тургундарды айыл өкмөтүнүн имаратына чогулткан жана аларды Сооронбай Жээнбеков үчүн добуш берүүгө үгүттөгөн».
Атап айтканда, ал чогулгандарга мындай деп билдирген: «Бул адам динди туткан үй-бүлөдөн чыккан, ал аялы жана балдары менен бирге ажылыкка барган. Анын бир тууганы араб өлкөлөрүндө элчи, Ош шарынын мэри болгон жана Меккеге сегиз жолу барган. Ал эми анын бир тууганы Асылбек Шарипович спикер болгон, ал сегиз депутат менен ажылыкка барган жана ошондо ал жактын падишахы аларга Каабаны ачкан. Ошентип ал Каабада болгон. Намаз окуган ушундай адам турганда башканы тандоо бул кылмыш болот».
Бул чогулушка келген 100гө жакын адам Сооронбай Жээнбеков үчүн добуш берүүгө убада кылган.
Чогулуш аяктагандан кийин Шукуруло Файзуллаев«Азаттыкка» комментарийинде «улуттар аралык ынтымакка арналган чогулуш капысынан шайлоо тарабына ооп кетти» деп айткан.
«Азаттык» радиосунун сайтына жайгаштырылган видеодо С.Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна айрым талапкерге добуш берүүгө чакырып жатканы көрүнүп турат.
Жумушчу топтун 2017-жылдын 18-сентябрында саат 17.00дөболуп өткөн отурумуна иштин жагдайларын аныктоо үчүн С.Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Файзуллаев чакырылган, ал өзүнүн аракеттерин бул күнү айыл өкмөтүнүн тургундары менен өткөрүлгөнүн, анда ага Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоо жагынан суроо бергени, анда үгүттөөгө ниет болбогондугу менен түшүндүрдү, ошондой эле Ш.Файзуллаев жогору турган органдар тарабынан анын дарегине эч кандай көрсөтмөлөр келип түшпөгөнүн билдирди.
Материалдарды карап чыгып, С.Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Файзуллаевди угуп, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтөмөнкүлөрдү белгилейт.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин
1-бөлүгүнө ылайык, шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары, прокуратура органдары, ички иштер органдары Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын так сакталышын камсыз кылат.
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин
1-бөлүгүнүн 17-пунктуна ылайык саясий муниципалдык кызмат орду – тике же кыйыр шайлоо жолу менен шайлануучу, бийликтик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу жана саясий программаларды жана долбоорлорду турмушка ашырууга багытталган саясатты аныктоочу чечимдерди кабыл алуучу  Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген ыйгарым укуктардын алкактарында тиешелүү административдик-аймактык бирдикте коюлган саясий максаттарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү жамааттын алдында жоопкерчилик тартуучу, жергиликтүү кеңештин депутатынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат орду;
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 17-пунктуна ылайык С.Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы саясий муниципалдык кызмат орду болуп саналат.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык,шайлоо алдындагы үгүт деп төмөнкүлөр таанылат:
1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоону билдирүү;
3) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;
4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык,мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, судьялар, диний уюмдардын өкүлдөрү, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укугу жок.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 43-беренелерин,Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 154 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топ жөнүндө» Жобонун 3-главасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ  КЫЛДЫ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө С.Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевдин жоопкерчилигин кароо сунушталсын.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдооКыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Т. Ариповго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек шаары, 2017-жылдын 20-сентябры
№ 79