Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 20.09.2017 №78 Ж. Сманбаеванын арызы жөнүндө

20.09.2017 №78 Ж. Сманбаеванын арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер
С.Ш. Жээнбековдуныйгарым укуктуу өкүлү Ж.Сманбаевадан2017-жылдын15-сентябрында, кириш № 01-12/2131,«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын(мындан ары – конституциялык Мыйзам) 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 28-беренесингин 5-бөлүгүнүн талаптарын жалпыга маалымдоо каражаты бузгандыгы жөнүндө арыз келип түштү.
Берген арызында Ж.Сманбаева 11-сентябрда «24.kg» маалымат агенттигинин (мындан ары – 24.kg МА) сайтында «Взгляд» рубрикасындагы «Сочиге визит. Укукту улантуучу эмнеси менен жакшы экенин Кремлге кайрадан түшүндүрөбү?» макаласында анын автору Кабай Карабеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердин бир туугандары аркылуу анын үй-бүлөсүн каралаган, талапкердин өзүнүн кадыр-баркына зыян келтирген маалыматтарды көрсөткөн деп билдирген. Ал гана эмес, арыз ээси макала социалдык, расалык, дин аралык, улуттук жек көрүүнү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековго карата кастыкты козгогон чакырыктарды камтыйт деп эсептейт.
Өзүнүн даттануусунунталаптарында арыз ээси Борбордук шайлоо комиссиясынан 24.kgМАны Кабай Карабековдун макаласына төгүндөөнү жарыялоого, 24.kgМАны көрсөтүлгөн макаланы агенттиктин сайтынан алып салууга милдеттендирүүнү, 24.kgмаалымат агенттигинин аккредитациясын кайра чакыртып алууну өтүнөт.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүжөнүндөшайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымдоо тууралуумаселелер боюнчажумушчу топ жана Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топтор) 2017-жылдын18-сентябрында биргелешкен отурумда берилген даттанууну маңызы боюнча карады.
Арыз ээсинин далилдерин объективдүү кароо жана иликтөө, аларга баа берүү максатында Жумушчу топтордун биргелешкен отурумуна арыз ээси, 24.kgМАнын өкүлү чакыртылды.
Жумушчу топтордун биргелешкен отурумунда арыз ээси өзүнүн талаптарын колдоду жана аларды канааттандырууну өтүндү. 24.kgМАнын өкүлү Ксения Бойко көрсөтүлгөн макала 2017-жылдын11-сентябрында жайгаштырылганын жана 2017-жылдын18-сентябрында сайттаналып салынганын түшүндүрдү. Мында, 24.kgМАнын өкүлү алар төгүндөөнү жайгаштыруу үчүн 24.kgМАнын сайтында КР Президеттигине талапкер С.Ш. Жээнбековго аянтты берүүгө макул экенин билдирди.
Конституциялык Мыйзамдын 44-беренесинин 7-бөлүгүндө арыздар (даттануулар), шайлоо процессинин субъектине анын укуктары бузулганы, чечимдер кабыл алынганы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалганы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 2 календардык күндөн кечиктирбестен берилет деп белгиленген.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын7-июлундагы №212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» жобонун(мындан ары – Жобо) 1.9-пунктуна ылайык, шайлоо укуктарын бузуу жөнүндө арыздарды (даттанууларды) шайлоо процессинин субъекттери (катышуучулары) өздөрүнүн шайлоо укуктары бузулгандыгы жөнүндө өздөрүнө белгилүү болуп калган, чечимдер кабыл алынган, аракеттер (аракетсиздик) жасалган учурдан тартып, бирок 2 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына берет.
Макала 2017-жылдын11-сентябрында жарыяланганынын, ал эми Ж.Сманбаеванын арызы 2017-жылдын15-сентябрында берилгенинин жагдайын эске алып, арыз ээси арызды (даттанууну) берүүнүн эки күндүк мөөнөтүн бузгандыгынан улам Жумушчу топтор Ж.Сманбаеванын талаптарын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган.
Мында Жумушчу топтор 24.kgМАнынсайтына жайгаштырылган материалды алып салуу жана анда төгүндөө берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жагынан Ж.Сманбаеванынталаптары маалымат агенттиги тараптан аткарылганын белгилейт.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 44-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин, «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» жобонун 1.9-пунктун, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүжөнүндөшайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымдоо тууралуу маселелер боюнча жумушчу топтунжана Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 18-сентябрындагы биргелешкен чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ  КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Сманбаеванын «24.kg» маалымат агенттигинин аккредитациясын кайра чакыртып алуу жагынан даттануусун канааттандыруудан баш тартылсын.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдооКыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымдоо тууралуумаселелер боюнча жумушчу топтун жетекчисиА. Г.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                           Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкекшаары, 2017-жылдын20-сентябры
№ 78