Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 11.09.2017 №76 Э.Ирискулбековдун арызы жөнүндө

11.09.2017 №76 Э.Ирискулбековдун арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Б. Ирискулбековдон 2017-жылдын 6-сентябрында кириш №01-12/1898 «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 28-беренесинин 5-бөлүгүн жалпыга маалымдоо каражаты бузгандыгы жөнүндө арыз келип түштү.

Атап айтканда, өз арызында Э.Б. Ирискулбеков 2017-жылдын 30-августунда «Вечерний Бишкек» газетасынын сайтына «Зачем Каптагаев поднял тему княжества Бабан?» деген аталыштагы макала жарыяланган деп көрсөткөн. Арыз ээси макала социалдык, расалык, улуттук жек көрүүнү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун кайсы этноско таандык экенин баса белгилеп, ага карата кастыкты камтыйт деп эсептейт.

Өзүнүн даттануусундагы талаптарда арыз ээси Борбордук шайлоо комиссиясынан редакцияны «Вечерний Бишкек» газетасынын сайтынан «Интернет» тармагында жайгаштырылган «Зачем Каптагаев поднял тему княжества Бабан?» макаласын алып салууга жана төгүндөөнү жарыялоого милдеттендирүүнү, «Издательский дом «Вечерний Бишкек» ЖАКнын аккредитациясын кайра чакыртып алууну, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына «Зачем Каптагаев поднял тему княжества Бабан?» макаласынын авторун жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени кароону тапшырууну өтүнөт.

КР БШКнын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү учурунда шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу тобу жана КР БШКнын Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобу (мындан ары – Жумушчу топтор) 2017-жылдын 9-сентябрында биргелешкен отурумда берилген даттанууну маңызы боюнча карап чыкты.

Арыз ээсинин далилдерин объективдүү кароо жана иликтөө, аларга баа берүү максатында, Жумушчу топтордун биргелешкен отурумуна арыз ээси, «Издательский дом «Вечерний Бишкек» ЖАКнын өзүнө карата даттануу берилген өкүлү чакыртылды.

Жумушчу топтордун биргелешкен отурумунда арыз ээси Э.Ирискулбеков2017-жылдын 30-августунда «Вечерний Бишкек» газетасынын сайтына «Зачем Каптагаев поднял тему княжества Бабан?» деген аталыштагы макала жарыяланганын түшүндүрдү. Ага ушул макала жөнүндө 2017-жылдын 5-сентябрында белгилүү болуп калганын белгиледи, бирок ага качан белгилүү болуп калган мөөнөттү негиздөө жагынан далилдерди келтирген жок.

«Издательский дом «Вечерний Бишкек» ЖАКнын өкүлү Дюшеева Жаңыл Жумушчу топтордун биргелешкен отурумунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер
Ө.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Б. Ирискулбековдон кечирим сурады жана бул макала редакциянын жетекчилиги менен макулдашпастан жарыяланганын түшүндүрдү. Редакция көрсөтүлгөн макаланы өз демилгеси боюнча «Вечерний Бишкек» газетасынын сайтынан бир суткага жетпей алып салган, Э.Б. Ирискулбековдун арызын кароо учуруна карата бул макала сайтта болгон эмес.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы ченем жаратуучу органдарга кирет. Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому – ченемдик укуктук акт, аны Борбордук шайлоо комиссиясы алда канча жогору юридикалык күчү бар ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн өз компетенциясынын чектеринде кабыл алат.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы өз ыйгарым укуктарынын чектеринде токтомдорду, нускамаларды, жоболорду, башка актыларды чыгарат жана алардын аткарылышын контролдойт.

Конституциялык Мыйзамдын 43-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык,мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын жарандардын шайлоо укуктарын, ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык прокуратура органдарына, ички иштер органдарына, шайлоо комиссияларына же сотко даттанылышы мүмкүн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы №212 токтому менен «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» Жобо (мындан ары – Жобо) бекитилген. Көрсөтүлгөн Жобого эч ким даттанган жок, мыйзамдуу күчүнө кирген жана аткарылууга тийиш.

Жобонун 1.9-пунктуна ылайык, шайлоо укуктарын бузуу жөнүндө арыздарды (даттанууларды) шайлоо процессинин субъекттери (катышуучулары) өздөрүнүн шайлоо укуктары бузулгандыгы жөнүндө өздөрүнө белгилүү болуп калган, чечимдер кабыл алынган, аракеттер (аракетсиздик) жасалган учурдан тартып, бирок 2 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына берет.

Макала 2017-жылдын 30-августунда жарыяланганын, ал эми арызды Э.Ирискулбеков2017-жылдын 6-сентябрында бергенинин жагдайын эске алып, Жумушчу топ арыз ээси Жобонун 1.9-пунктундабелгиленген арыздарды (даттанууларды) берүүнүн эки күндүк мөөнөтүн бузгандыгынан улам, Э.Ирискулбековдун талаптарын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесин, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин, «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» Жобонун 1.9-пунктун, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү учурунда шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтунжана Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 9-сентябрындагы биргелешкен чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ  КЫЛДЫ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдуныйгарым укуктуу өкүлү Э.Б. Ирискулбековдун даттануусун канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.Ушул чечимдин аткарылышын контролдооКыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                   Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек шаары, 2017-жылдын 11-сентябры 
№ 76