Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 08.09.2017 №75 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер …

08.09.2017 №75 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Абдылдаевге жазуу жүзүндөгү эскертүү берүү жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2017-жылдын 5-сентябрындагы № 413 токтому менен А. Абдылдаев Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталган.

2017-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б. Абдылдаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Борбордук шайлоо комиссиясына «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 53-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык каттоо үчүн зарыл болгон тиешелүү документтерди тапшырган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы №158 Токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө» Нускаманын 39-пунктуна ылайык талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо күрөөсү коюлгандыгын ырастаган документтерди жана каттоо үчүн зарыл болгон башка документтерди берүү менен бир учурда биринчи финансылык отчетту берүүгө милдеттүү.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б. Абдылдаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Н. Алыбаева тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына биринчи финансылык отчет берилген эмес.

Конституциялык Мыйзамдын 42-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, көзөмөлдөө-текшерүү тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча талапкерлердин финансылык отчетторун текшерет.

Ошону менен бирге, Конституциялык Мыйзамдын 42-беренесинин 6-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, көзөмөлдөө-текшерүү тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча тиешелүү шайлоо комиссиясынын алдына талапкерлерге карата жоопкерчилик чара көрүү жөнүндө маселени коет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын көзөмөлдөө-текшерүү тобу 7-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б. Абдылдаевге мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө биринчи финансылык отчетту өз учурунда бербегендиги үчүн жазуу жүзүндөгү эскертүү берүү тууралуу чечим кабыл алган. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун отурумунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б. Абдылдаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Н. Алыбаева, ал буга чейин финансылык отчетту берүү милдети жана финансылык бузуулар үчүн жоопкерчиликтин чаралары жөнүндө маалымдангандыгын акт менен тастыктаган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө» Нускаманын 39, 47-пункттарына ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын көзөмөлдөө-текшерүү тобунун чечимин, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 42-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛДЫ:

 

1.Финансылык тартипти бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерА.Б.Абдылдаевге жазуу жүзүндө эскертүү берилсин.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Г. Баатыровага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                      Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 8-сентябры

№75