22.10.2021 №747 Алибеков Шерахмад Халиловичти №3 Кадамжай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын ЖК депутаттарын шайлоодо өзүн

Алибеков Шерахмад Халиловичти

№3 Кадамжай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо өзүн өзү көрсөтүү тартибинде №3 Кадамжай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Алибеков Шерахмад Халиловичти каттоо үчүн берген документтеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-1, 61-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундусунун негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Алибеков Шерахмад Халилович №3 Кадамжай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталсын.

2. №3 Кадамжай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алибеков Шерахмад Халиловичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүгү берилсин.

3. Бул чечим «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 22-октябры

№747