Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 04.09.2017 №72 Кол коюу барактарын кабыл алуу жана …

04.09.2017 №72 Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун 2017-жылдын 4-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө»

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин              7-бөлүгүнө ылайык, Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүнөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичти колдогон шайлоочулардын 36 673 колтамгасы бар кол коюу барактарын кабыл алган.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колдордун жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү тартиби жөнүндө» Нускаманын (мындан ары – Нускама) V главасынын негизинде ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген колдордун ичинен текшерүү үчүн капилет ылгоонун (чүчүкулактын) натыйжалары боюнча колтамгалардын 20%ы ылгап алынган, бул 7 335 колду түздү.
2017-жылдын 31-августундагы Жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичти колдогон кол коюу барактарын текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу көзөмөлдөп текшерүү тобуна Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин шайлоо фондунан чыгымдоолор 2017-жылдын 18-августунда жүргүзүлгөндүгү, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин шайлоо фондунан 2017-жылдын 18-августуна чейин башка чыгымдоолор жүргүзүлбөгөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасы боюнча Жмушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичти колдогон колтамгалардын басымдуу бөлүгү 2017-жылдын 18-августуна чейин чогултулганы аныкталды.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, талапкерлерге шайлоочулардын колун чогултууга, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, башка шайлоо алдындагы иш чараларды жүзөгө ашырууга өздөрүнүн шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.
Нускаманын 20-пунктуна ылайык, кол коюу барактары талапкер тарабынан өздүк шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен даярдалат. Нускаманын 21 пунктунда кол коюу барагы басма ыкма менен, А4 форматындагы ак кагаз бетине, барактын альбомдук багытында даярдалууга тийиш.
Нускаманын 57-пунктунун 3 –абзацына ылайык, шайлоочулардын кол коюу барактарын талапкердин шайлоо фондундагы каражаттарынан даярдоого акы төлөө күнүнө чейинки чогултулган бардык колтамгалары анык эмес колтамгалар деп таанылат.
Кол коюу барактарын текшерүү ведомстторуна ылайык, текшерүү үчүн капилет тандоо жолу менен ылгап алынган колтамгалардын ичинен                   2017-жылдын 18-августуна чейинки колтамгаларды эсепке алганда, Жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичти колдогон шайлоочулардын 6 094 ишенимсиз жана жараксыз колтамгалары аныкталган.
Нускаманын 64-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларынын зарыл санын аныктоо үчүн Жумушчу топ шайлоочулардын текшерүүнүн натыйжасы боюнча 20% ишенимсиз жана жараксыз колтамгалардын санын 5 (бешке) көбөйтөт жана ишенимсиз жана жараксыз колтамгалардын жалпы санын талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү берген шайлоочулардын колтамгаларынын жалпы санынан алып салат.
Жумушчу топтун 2017-жылдын 4-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” протоколу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичти колдогон шайлоочулардын берилген 36 673 колтамгасынан 30 470 колтамга ишенимсиз деп табылган, шайлоочулардын 6 203 колтамгасы жарактуу деп табылган. 
 Нускаманын 50-пунктуна ылайык, капилет тандап алуу (чүчүкулак) жана кол коюу барактарын текшерүү жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Аникеева Галина Анатольевнанын катышуусунда жүргүзүлгөн.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41, 52, 54 -беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колдордун жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү тартиби жөнүндө» Нускамага ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер
Масалиев Исхак Абсаматовичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө» 2017-жылдын 4-сентябрындагы протокол бекитилсин.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 4-сентябры
№72