№73 «КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Исаев К. К. кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө» Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 4-сентябрындагы протоколун бекитүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин
7-бөлүгүнө ылайык 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исаев Канатбек Кедейкановичтин ыйгарым укуктуу өкүлүнөн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу (мындан ары – Жумушчу топ) талапкер Исаев Канатбек Кедейкановичти колдогон шайлоочулардын 37 621 колу бар кол коюу барактарын кабыл алган.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колдордун жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү тартиби жөнүндө» Нускаманын (мындан ары – Нускама) V главасынын негизинде берилген колдордун ичинен текшерүү үчүн капилет ылгоонун (чүчүкулактын) натыйжалары боюнча колдордун 20%ы ылгап алынган, бул 7 524 колду түздү.
Капилет тандоо аркылуу ылгап алынган колдорду текшерүүнүн жүрүшүндө Жумушчу топ Нускаманын 57-пунктунун 1-абзацында (бир адамдын ордуна башка адам койгон шайлоочунун колу), Нускаманын 57-пунктунун 5-абзацында (шайлоочу жөнүндө маалыматтарды кол коюу барагына шайлоочу өз колу менен жазган эмес), Нускаманын 58-пунктунун 1-абзацында (активдүү шайлоо укугуна ээ болбогон адамдын колу) белгиленген бузууларга байланыштуу талапкер Исаев Канатбек Кедейкановичти колдогон шайлоочулардын 2 080 ишенимсиз жана жараксыз колун тапкан.
Нускаманын 64-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын зарыл сандагы колун (30 миңден кем эмес) аныктоо үчүн Жумушчу топ шайлоочулардын колдорунун 20%ын текшерүүнүн натыйжалары боюнча табылган жараксыз жана ишенимсиз колдордун санын 5ке (бешке) көбөйтөт жана ишенимсиз жана жараксыз колдордун алынган жалпы санын талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган шайлоочулардын колдорунун жалпы санынан кемитет.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исаев Канатбек Кедейкановичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө» Жумушчу топтун 2017-жылдын 1-сентябрындагы протоколу тарабынан тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исаев Канатбек Кедейкановичти колдогон шайлоочулардын берилген 37 621 колунун ичинен шайлоочулардын 10 400 колу ишенимсиз деп, шайлоочулардын 27 221 колу жарактуу деп табылды.
Нускаманын 50-пунктуна ылайык кол коюу барактарын капилет тандоо (чүчүкулак) жана текшерүү жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исаев Канатбек Кедейкановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Турумбеков Талайбек Насыркановичтин катышуусунда жүргүзүлдү.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колдордун жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү тартиби жөнүндө» Нускамага ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исаев Канатбек Кедейкановичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө» 2017-жылдын 4-сентябрындагы протокол бекитилсин.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек шаары, 2017-жылдын 4-сентябры
№ 73