19.10.2021 №685 «Жаңы-Мезгил» мигранттардын, үй куруучуларынын, агрардык реформа борбору Саясий партиясы» саясий партиясынын  билдирүүсү жөнүндө

«Жаңы-Мезгил» мигранттардын, үй куруучуларынын, агрардык реформа борбору Саясий партиясы» саясий партиясынын  билдирүүсү жөнүндө

2021-жылдын 18-октябрында «Жаңы-Мезгил» мигранттардын, үй куруучуларынын, агрардык реформа борбору Саясий партиясы» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана мурда дайындалган шайлоо боюнча жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү (кириш № 01-14/3479). 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Жаңы-Мезгил» мигранттардын, үй куруучуларынын, агрардык реформа борбору Саясий партиясы» саясий партиясынын 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-сентябрындагы №186 чечими менен «Жаңы-Мезгил» мигранттардын, үй куруучуларынын, агрардык реформа борбору Саясий партиясы» саясий партиясынан катталган Манапова Гульнара Оморкуловна шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, Казакбай кызы Аселдин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоолору жокко чыгарылсын.

3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Жаңы-Мезгил» мигранттардын, үй куруучуларынын, агрардык реформа борбору Саясий партиясы» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Манапова Гульнара Оморкуловнага берилген №47, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Казакбай кызы Аселге берилген №48 каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылсын.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ      Т.ШАЙНАЗАРОВ                                                                          

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 19-октябры

№ 685