19.10.2021 №666 «Кыргызстан Прогрессивдүү Жаштар Партиясы» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө
«Кыргызстан Прогрессивдүү Жаштар Партиясы» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө
2021-жылдын 17-октябрында «Кыргызстан Прогрессивдүү Жаштар Партиясы» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана мурда дайындалган шайлоо боюнча жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү (кириш № 01-14/3462).
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызстан Прогрессивдүү Жаштар Партиясы» саясий партиясынын 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №226 чечими менен «Кыргызстан Прогрессивдүү Жаштар Партиясы» саясий партиясынан катталган Акматалиев Субанбек Акматалиевичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, Бараканов Бектур Талгарбековичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоолору жокко чыгарылсын.
3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Кыргызстан Прогрессивдүү Жаштар Партиясы» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Акматалиев Субанбек Акматалиевичке берилген №127, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Бараканов Бектур Талгарбековичке берилген №128 каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылсын.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ Т. ШАЙНАЗАРОВ
Бишкек ш., 2021-жылдын 19-октябры
№ 666