06.08.2020 № 66 «Кыргызстан» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
«Кыргызстан» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
2020-жылдын 5-августунда «Кыргызстан» саясий партиясы мурда сунуш кылган каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Шамшидин уулу Разакты дайындоо жөнүндө билдирүүсү келип түштү. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөндөгүдөй
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 9-июлундагы № 39 чечими менен катталган «Кыргызстан» саясий партиясынан Джунушев Джолдошбек Маликовичти каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Кыргызстан» саясий партиясынан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Джунушев Джолдошбек Маликовичке берилген № 48 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
3. «Кыргызстан» саясий партиясынан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Шамшидин уулу Разак катталсын.
4.«Кыргызстан» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Шамшидин уулу Разакка белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 6-августу
№ 66