№64 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кожогулов Талгатбек Ашыркуловичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө» Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 3-сентябрындагы протоко

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин
7-бөлүгүнө ылайык 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кожогулов Талгатбек Ашыркуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлүнөн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу (мындан ары – Жумушчу топ) талапкер Кожогулов Талгатбек Ашыркуловичти колдогон шайлоочулардын 34 027 колу бар кол коюу барактарын кабыл алган.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колдордун жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү тартиби жөнүндө» Нускаманын (мындан ары – Нускама) V главасынын негизинде берилген колдордун ичинен текшерүү үчүн капилет ылгоонун (чүчүкулактын) натыйжалары боюнча колдордун 20%ы ылгап алынган, бул 6 805 колду түздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Жумушчу топ Нускаманын 57-пунктунун           1-абзацында (бир адамдын ордуна башка адам койгон шайлоочунун колу), Нускаманын 57-пунктунун 5-абзацында (шайлоочу жөнүндө маалыматтарды кол коюу барагына шайлоочу өз колу менен жазган эмес), Нускаманын 57-пунктунун 8-абзацында (бардык зарыл маалыматтарды көрсөтпөстөн шайлоочунун колу), Нускаманын 58-пунктунун 1-абзацында (активдүү шайлоо укугуна ээ болбогон адамдын колу) белгиленген бузууларга байланыштуу талапкер Кожогулов Талгатбек Ашыркуловичти колдогон шайлоочулардын 5 203 ишенимсиз жана жараксыз колун тапкан.
Нускаманын 64-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын зарыл сандагы колун (30 миңден кем эмес) аныктоо үчүн Жумушчу топ шайлоочулардын колдорунун 20%ын текшерүүнүн натыйжалары боюнча табылган жараксыз жана ишенимсиз колдордун санын 5ке (бешке) көбөйтөт жана ишенимсиз жана жараксыз колдордун алынган жалпы санын талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган шайлоочулардын колдорунун жалпы санынан кемитет.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кожогулов Талгатбек Ашыркуловичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө» Жумушчу топтун 2017-жылдын 3-сентябрындагы протоколу тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кожогулов Талгатбек Ашыркуловичти колдогон шайлоочулардын берилген 34 027 колунун ичинен шайлоочулардын 26 015 колу ишенимсиз деп, шайлоочулардын 8 012 колу жарактуу деп табылды.
Нускаманын 50-пунктуна ылайык кол коюу барактарын капилет тандоо (чүчүкулак) жана текшерүү жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кожогулов Талгатбек Ашыркуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Бабакулов Аманбол Солтонкуловичтин катышуусунда жүргүзүлдү.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колдордун жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү тартиби жөнүндө» Нускамага ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1.«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кожогулов Талгатбек Ашыркуловичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө» 2017-жылдын 3-сентябрындагы протокол бекитилсин.
2.Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3.Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
 
Бишкек шаары, 2017-жылдын 4-сентябры
№ 64