17.10.2021 №629 «Адилет» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө

2021-жылдын 15-октябрында «Адилет» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана мурда дайындалган шайлоо боюнча жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү (кириш № 01-14/3418).

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. «Адилет» саясий партиясынын 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-сентябрындагы №190 чечими менен «Адилет» саясий партиясынан катталган Эшенов Элчибек Акматбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, Керимкулова Кулсунай Керимкуловнанын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоолору жокко чыгарылсын.

3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Адилет» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Эшенов Элчибек Акматбековичке берилген №97, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Керимкулова Кулсунай Керимкуловнага берилген №98 каттоо ырастамалары анык эмес деп таанылсын.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 17-октябры

№ 629