10.07.2020 № 60 «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
«Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
2020-жылдын 10-июлунда «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясы мурда сунуш кылган шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары С. Э. Эрмаматовнаны жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Муратбек кызы А. дайындоо жөнүндө билдирди, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөндөгүдөй
ЧЕЧТИ:
1. «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан Муратбек кызы Айперинин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Муратбек кызы Айпериге берилген № 49 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
3. «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан Эсенгулов Тариэл Артыковичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.
4. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Эсенгулов Тариэл Артыковичке берилген № 50 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
5. «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Эрмаматова Сюита Эрмаматовна катталсын.
6. «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Муратбек кызы Айпери катталсын.
7. «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
8. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
9. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 10- июлу
№ 60