Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 28.08.2017 №57 Кол коюу барактарын кабыл алуу жана …

28.08.2017 №57 Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 28-августундагы “КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Зарлыков Э.З. кол коюу барактарын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө” Протоколун бекитүү тууралуу

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) тарабынан 2017-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Зарлыков Эрнис Зарлыковичтин ыйгарым укуктуу өкүлүнөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Зарлыков Эрнис Зарлыковичти колдогон шайлоочулардын 48 075 сан  түзгөн колтамгалар кабыл алынган.
“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоого шайлоочулардын колдорун чогултуунун жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан берилген кол коюу барактарында коюлган колдордун аныктыгын текшерүүнүн тартиби жөнүндө” Нускаманын (мындан ары – Нускама) V баптын негизинде ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан берилген колдордун ичинен капысынан тандоо (чүчүкулак) жолу менен жыйынтыгы боюнча текшерүү үчүн коюлган колтамгалардын 20%ы тандалып алынган, бул 9 615 колтамганы түзөт.
Эксперттердин корутундуларына жана кол коюу барактарын текшерүү ведомостторуна ылайык, текшерүү үчүн тандалып алынган кол тамгалардын – 1 513 кол тамгасы анык эместиги жана жараксыз экендиги аныкталган, бул жалпы кабыл алынган колдордун санынан 7 565 колтамганы түзөт.
Эксперттердин корутундуларынын, кол коюу барактарын текшерүү ведомостторунун жана Жумушчу топтун корутундусунун негизиндеги Жумушчу топтун 2017-жылдын 28-августундагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Зарлыков Эрнис Зарлыковичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Протоколунун негизинде 40 510 кол тамга жарактуу деп аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Зарлыков Эрнис Зарлыковичтин шайлоо фонду 2017-жылдын                        30-июлунда ачылган, шайлоо фондундагы акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы шайлоо мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Зарлыков Эрнис Зарлыковичке карата Кыргыз Республикасынын жараны, УВК ШГ №17 директору Н.А. Щербаковадан доо арыз түшкөн.
Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 28-августундагы отурумунда Н.А. Щербакованын арызын канаттандыруудан баш тартылган. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Зарлыков Эрнис Зарлыковичке карата башка арыз, даттануулар түшкөн эмес.
Мында, Нускаманын 50-пунктуна ылайык, кол коюу барактарын капысынан тандоо (чүчүкулак) жана текшерүү жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Зарлыков Эрнис Зарлыковичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Сулайманов Арслан Денизовичтин катышуусу менен өткөрүлгөн жана ал тарабынан кол коюу барактарын капысынан тандоо (чүчүкулак) жана текшерүү жол-жоболоруна карата сын-пикирлер болгон эмес.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоого шайлоочулардын колдорун чогултуунун жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан берилген кол коюу барактарында коюлган колдордун аныктыгын текшерүүнүн тартиби жөнүндө” Нускамага, “Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ жөнүндө” Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

 ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 28-августундагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Зарлыков Эрнис Зарлыковичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Протоколу бекитилсин.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кол коюу барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.
 
 ТӨРАГА                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 28-августу
№ 57