Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 28.08.2017 №56 Н.А. Щербакованын арызы жөнүндө

28.08.2017 №56 Н.А. Щербакованын арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары- Борбордук шайлоо комиссиясы) №17 ОТК МГнын директору Н.А. Щербаковадан КРнын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.З. Зарлыковду колдоого колтамга чогултууда административдик ресурсту колдонуу жөнүндө үч акты тиркелген даттануу келип түштү.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ (мындан ары-Жумушчу топ) 2017-жылдын 28-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин кол коюу баракчаларын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү А. Шаршенаалы уулунун, А. Дамир кызынын  катышуусу менен берилген даттанууну маңызы боюнча карап чыкты. 
Н.А. Щербакованын баяндама катына №20 ОТК МГнын директору Ч.А. Кудайбергенованын, №37  ОТК МГнын директору О.В. Алаеванын, №14 ОБМнын директору Г.Т. Сарыгулованын колтамгалары коюлган актылар тиркелген.
Доогерлердин арызын объективдүү кароо жана далилдерин иликтөө, аларга баа берүү максатында Жумушчу топтун жыйналышына доогерлер, жана Бишкек ш. Октябрь райондук Билим берүү борборунун директору А.У. Агайдарова, КРнын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.З. Зарлыковдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Д. Сулайманов чакырылган.
Жумушчу топтун жыйналышынын жүрүшүндө Октябрь райондук Билим берүү борборунун директору А.У. Агайдарова Бишкек ш. Октябрь райондук Билим берүү борбору тарабынан  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна кандайдыр бир талапкерди колдоого кол коюу баракчаларын милдеттүү түрдө толтуруу жөнүндө эч кандай тапшырма берилбегендигин билдирди. Мында арыз ээлери кол коюу баракчаларын толтурууда аларга райондук элге билим берүү бөлүмү тарабынан да, Бишкек шаарынын мэриясы же кайсы бир башка орган тарабынан да эч кандай кысым көрсөтүү болбогонун көрсөтүштү. Мындан тышкары, арыз ээлери кол коюу баракчаларын эч ким толтурбаганын белгилешти.
КРнын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.З. Зарлыковдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Д. Сулайманов, Э.З. Зарлыков Бишкек шаарынын вице-мэринин ыйгарым укуктарын 2017-жылдын 31-июлунда алып салганын айтты. Мында ал арыздын 2017-жылдын 27-августунда берилгендигине, ал эми кол коюу баракчалары талапкер тарабынан 2017-жылдын 23-августунда берилген жагдайга көңүл бурууну өтүндү.
Жумушчу топтун жыйналышында арыз ээлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.З. Зарлыков тарабынан административдик ресурсту колдонгондугу жөнүндө бир да далил берилген эмес.
“КРнын Президентин, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын (мындан ары- конституциялык Мыйзам) 43-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын  чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигинешайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү, байкоочулар арыз (даттануу) менен кайрыла алат. Арыздар (даттануулар) жүйөлөштүрүлгөн болууга жана алар негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.
Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун өткөрүүдө шайлоочулардын, шайлоо процессинин башка субъектеринин арыздарын жана даттанууларын кароонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, шайлоо процессинин субъектисинин (катышуучусунун) арызы (даттануусу) негизделген, арыз берген кишинин далилдерин тастыктаган далилдер тиркелген болууга тийиш.
Жогорудагы баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун өткөрүүдө шайлоочулардын, шайлоо процессинин башка субъектеринин арыздарын жана даттанууларын кароонун тартиби жөнүндө” Жобонун 1.7–пунктун, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары- конституциялык Мыйзам) 43-беренесин, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун өткөрүүдө шайлоочулардын, шайлоо процессинин башка субъектеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 28-августундагы чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 
 
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Арызды кароонун натыйжасы боюнча Н.А. Щербакованын даттануусун канааттандыруудан баш тартылсын.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун өткөрүүдө шайлоочулардын, шайлоо процессинин башка субъектеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Т.Асаналиевке жүктөлсүн.
 
 
ТӨРАГА                         Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
2017-жылдын 28 -августу
№  56