14.10.2021 № 552 №33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары «Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

«Кыргызстан» саясий партиясынын 2021-жылдын 12-октябрындагы VIII съездинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу округдардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө №1 чечиминин, №33 Нарын шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 12-октябрындагы (кириш № 01-14/3317) арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №33 Нарын шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообековичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Курманбеков Чынарбек Курманбекович катталсын.

2. №33 Нарын шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообековичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Тураров Бахтияр Турарович катталсын.

3. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                                                       Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 14-октябры

№ 552