№52 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого коомдук байкоочуну аккредитациялоо жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо коомдук байкоочулардын иши, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине “Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмесинен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы коомдук байкоочу болуп Арыков Тимур Дженишбекович аккредитациялансын.

2. «Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмесинен коомдук байкоочу Арыков Тимур Дженишбековичке бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Абдрахматовага жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 23-августу
№ 52