№4 Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракеттерине карата даттанууларды жана арыздарды иликтөө боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракеттерине карата бир нече ирет түшкөн даттануулардын жана арыздардын негизинде жана түзүлгөн кырдаалды жеринде иликтөө зарылдыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин,  7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2-пункттарын  жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад шаарына 2014-жылдын 13-15-февралында баруу менен, даттанууларды жана арыздарды карап чыгуу боюнча жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:

 - Канат Азиз – Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү -  Жумушчу топтун жетекчиси;

 - Сыдыков Марат Раимбекович – укуктук камсыздоо, окутуу жана кадрлар башкармалыгынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти – Жумушчу топтун мүчөсү;

- Токтогулов Душанали Калдарович – Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Сузак аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү – Жумушчу топтун мүчөсү.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                             Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек шаары, 2014-жылдын 12-февралы