Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 17.08.2017 №48 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Текебаев …

17.08.2017 №48 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Текебаев Өмүрбек Чиркешевичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2017-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу (мындан ары – Жумушчу топ) тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Текебаев Өмүрбек Чиркешевичтин ыйгарым укуктуу өкүлүнөн “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарын аткаруу үчүн  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Текебаев Өмүрбек Чиркешевичти колдогон саны 38 643 түзгөн колтамга кабыл алынган.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоого шайлоочулардын колдорун чогултуунун жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан берилген кол коюу барактарында коюлган колдордун аныктыгын текшерүүнүн тартиби жөнүндө” Нускаманын (мындан ары – Нускама) V главасынын негизинде ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан берилген колдорду капилет ылгоо (чүчүкулак) жолу менен тандоонун жыйынтыгы боюнча текшерүү үчүн коюлган колтамгалардын 20 %зы тандалып алынган жана бул 7 729 колтамганы түзгөн.

Эксперттердин корутундулары боюнча жана кол коюу барактарын текшерүү ведомостторуна ылайык, текшерүү үчүн тандап алынган колтамгалардын ичинен 1 627 колтамганын анык эместиги жана жараксыздыгы аныкталган, бул Нускаманын 64-пунктуна ылайык 5 (бешке) көбөйткөндө 8 135 колтамганы түздү.

Конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, талапкерлерге шайлоочулардын колун чогултууга, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, башка шайлоо алдындагы иш чараларды жүзөгө ашырууга өздөрүнүн шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоого шайлоочулардын колдорун чогултуунун жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан берилген кол коюу барактарында коюлган колдордун аныктыгын текшерүүнүн тартиби жөнүндө” Нускаманын III главасынын 20–пунктуна ылайык кол коюу барактарын талапкерлер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен даярдайт. Нускаманын 21-пунктунда кол коюу барагы басма ыкмасы менен, А4 форматындагы ак кагаздын барагында, барактын багыты альбомдук болуп жасалууга тийиш экендиги белгиленген.

Мындан тышкары, 2017-жылдын 10-августунда БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобу тарабынан талапкердин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө Текебаев Өмүрбек Чиркешевичтин шайлоо алдындагы өнөктүгү менен байланышкан бардык келишимдерди жана финансылык документтерди берүү жөнүндө кат жиберилген.

2017-жылдын 17-августуна карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Текебаев Өмүрбек Чиркешевич тиныйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан документтер берилген эмес. 

Ошондой эле 2017-жылдын 17-августуна карата  талапкердин шайлоо фондунан сарпталган акча каражаттары 0 (нөл) сомду түзгөн, бул «РСК Банк» ААКнын 2017-жылдын 17-августундагы чыг. № 16-04/4726 каты менен тастыкталат.

Нускаманын  V главасынын 57-пунктунун 3-абзацына ылайык, кол коюу барактарын даярдоого талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөнгөн күнгө чейин чогултулган шайлоочулардын бардык колтамгалары ишенимсиз деп табылат.

Жогорудагы баяндалгандардын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 41-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоого шайлоочулардын колдорун чогултуунун жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан берилген кол коюу барактарында коюлган колдордун аныктыгын текшерүүнүн тартиби жөнүндө” Нускаманын 20,21,57,58–пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Финансылоо тартибин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Текебаев Өмүрбек Чиркешевичти колдоо үчүн чогултулган 38 643 сандагы шайлоочулардын колтамгасы анык эмес деп табылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                          А. БЕКМАТОВ

 Бишкек ш., 2017-жылдын 17-августу
№ 48