13.10.2021 №456 «БИРГЕ-ВМЕСТЕ» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө
«БИРГЕ-ВМЕСТЕ» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө
2021-жылдын 12-октябрында «БИРГЕ-ВМЕСТЕ» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана мурда дайындалган шайлоо боюнча жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү (кириш № 01-14/3285).
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «БИРГЕ-ВМЕСТЕ» саясий партиясынын 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-сентябрындагы №194 чечими менен «БИРГЕ-ВМЕСТЕ» саясий партиясынан катталган Байымбеков Азамат Идирисовичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, Малородняю Ирина Николаевнанын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоолору жокко чыгарылсын.
3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «БИРГЕ-ВМЕСТЕ» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Байымбеков Азамат Идирисовичке берилген №63, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Малородняю Ирина Николаевнага берилген №64 каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылсын.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 13-октябры
№ 456