13.10.2021 №451 Шамырканов Болотбек Муратбековичти №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
Шамырканов Болотбек Муратбековичти
№34 Жети-Өгүз шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо өзүн өзү көрсөтүү тартибинде №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Шамырканов Болотбек Муратбековичти каттоо үчүн берген документтеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Шамырканов Болотбек Муратбекович №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталсын.
2. №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Шамырканов Болотбек Муратбековичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүгү берилсин.
3. Бул чечим «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 13-октябры
№451