10.10.2021 №404 №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары «Социал-демократтар» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Атамбаев Сеидбек Алмазбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
«Социал-демократтар» саясий партиясынын 2021-жылдын 7-октябрындагы V съездинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу округдардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө №1 чечиминин, №25 Аламүдүн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Атамбаев Сеидбек Алмазбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 8-октябрындагы (кириш № 01-14/3250) арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №25 Аламүдүн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Атамбаев Сеидбек Алмазбековичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Индикеев Улан Юрисламович катталсын.
2. №25 Аламүдүн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Атамбаев Сеидбек Алмазбековичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Сатыгул кызы Надира катталсын.
3. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 10-октябры
№ 404