№4 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Молдова Республикасынын шайлоо комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун жактыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Молдова Республикасынын шайлоо комиссиясынын ортосунда шайлоолорду жана референдумдарды уюштурууну, даярдоону жана өткөрүүнү өркүндөтүү, заманбап маалыматтык технологияларын жана системаларын колдонуу, жана шайлоолор боюнча башка маселелер жаатында тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууну өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып,
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Молдова Республикасынын шайлоо комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына Молдова Республикасынын шайлоо комиссиясы менен аталган меморандумга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 16-апрель 2018 жыл
№ 4