№3 “Шайлоо укуктары жана шайлоо процесси, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, шайлоочулардын, шайлоону уюштуруучулардын, шайлоо өнөктүгүнүн катышуучуларынын укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуу маселелери боюнча жогорку окуу жайлардын окутуучулары, аспи

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-пунктуна,  7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2014-жылдын 27-январындагы № 4/ОД  буйругу менен бекитилген Шайлоолордун дүйнөлүк күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралардын планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

            1. “Шайлоо укуктары жана шайлоо процесси, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, шайлоочулардын, шайлоону уюштуруучулардын, шайлоо өнөктүгүнүн катышуучуларынын  укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуу маселелери боюнча жогорку окуу жайлардын окутуучулары, аспиранттары жана студенттери арасында конкурс жөнүндө” Жобо бекитилсин (тиркелет).

            2. Конкурстун жыйынтыгын аныктоо үчүн курамы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  төрагасынын буйругу менен бекитилген комиссия түзүлсүн.

3. Бул чечим жана Конкурс жөнүндө жобо жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К. Джурабаевага жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                                            Т. АБДРАИМОВ