№39 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, шайлоо участкалары үчүн календардын формасын жана текстин бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 20 жана 21-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу календардын формасы жана тексти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 13-июлу,

№ 39