Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 11.07.2017 №38 Шайлоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө Бишкек шаарынын …

11.07.2017 №38 Шайлоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө Бишкек шаарынын тургуну М.А. Аспековдун даттануусу тууралуу

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабанов шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү мөөнөттөрүн, атап айтканда, 2017-жылдын 1-июлунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында элдик курултайды өткөрүү менен «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 23-беренесинин 1-бөлүгүн бузгандыгы жөнүндө Бишкек шаарынын тургуну М.А. Аспековдун даттануусу келип түшкөн.

Өз даттануусунда арыз ээси: Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Элдик» курултай өттү, анда «Республика» саясий партияснын лидери Ө.Т. Бабанов көпчүлүк добуш менен Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер болуп көрсөтүлдү, ошонун өзү менен үгүт жагынан шайлоо мыйзамдарынын ченемдери бузулду, анткени «Элдик» курултай Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер көрсөтүлө турган саясий партиянын съездин алмаштыра албайт деп көрсөтөт. Ошентип, конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүн бузуу менен Ө. Бабановдун убагынан мурда үгүттөө фактысы орун алган.

Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановду каттоодон баш тартууну өтүнөт.

М.А. Аспековдун даттануусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.

«Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан карап чыгуу тартиби жөнүндө» Жобонун 1.9-пунктуна, ошондой эле конституциялык Мыйзамдын 44-беренесинин 12-бөлүгүнө ылайык мөөнөттөрдү бузуу менен берилген арыздар (даттануулар) шайлоо комиссиялары тарабынан каралбайт жана арызды (даттанууну) берген жакка кайра кайтарылат.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү учурунда шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдоо боюнча Жумушчу топко даттанууда каралган маалыматты кароону жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумуна кароо үчүн киргизүүнү сунуштайбыз.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан карап чыгуу тартиби жөнүндө» Жобонун 1.9-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 44-беренесинин 12-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ  КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабанов шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү мөөнөттөрүн бузгандыгы жөнүндө Бишкек шаарынын тургуну М.А. Аспековдун даттануусун канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү учурунда шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Жумушчу топко даттанууда каралган маалыматты тиешелүү чечим кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумуна кароо үчүн киргизүү сунушталсын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Т.Асаналиевге жүктөлсүн.

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                             А. БЕКМАТОВ

Бишкек шаары, 2017-жылдын 11-июлу

№38