Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 20.07.2019 Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкер …

20.07.2019 Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкер Б.Ж. Омуркановдун  2019-жылы 14-июнда болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжаларын жокко чыгаруу тууралуу даттануусу жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкер Б.Ж. Омуркановдун  2019-жылы 14-июнда болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжаларын жокко чыгаруу тууралуу даттануусу жөнүндө

2019-жылы 17-июнда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук  шайлоо комиссиясы) Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкер Б.Ж. Омуркановдун 2019-жылы 14-июнда болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжаларын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусу түштү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ 2019-жылы 19-июнда өз отурумунда Б.Ж. Омуркановдун даттануусун карап чыкты.

Арыз ээсинин жүйөөлөрүн объективдүү кароо жана изилдөө, аларга баа берүү максатында арыз ээси Б.Ж. Омурканов отурумга чакырылды. Отурумда арыз ээсинин жүйөөлөрүн жана талаптарын угуп, Жумушчу топ төмөнкүгө келди.

Арыз ээси 2019-жылы 14-июнда болуп өткөн Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо Садыр-Аке айылдык кеңешинин 10 депутаты катышканын белгилейт. Мында ал “Садыр-Аке айылдык кеңешинин 1 депутатынын шайлоого катышпаганы добуш берүүнүн натыйжаларына таасир этүүсү мүмкүн” деп эсептейт.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна депутаттар тобунан 2 талапкер - Рашев Калысбек Талапаевич жана Омурканов Бакир Жумаевич катталган.

Садыр-Аке айылдык кеңешиндеги мандаттардын саны – 11. Шайлоо күнү Садыр-Аке айылдык кеңешиндеги депутаттардын саны 10ду түзгөн, шайлоого 10у катышкан.

Биринчи турда Рашев Калысбек Талапаевичтин талапкерлиги үчүн “макул” деп 5 депутат добуш берген, Омурканов Бакир Жумаевичтин талапкерлиги үчүн “макул” деп 4 депутат добуш берген жана бир депутат “баарына каршы” деп добуш берген. Экинчи турда Рашев Калысбек Талапаевичтин талапкерлиги үчүн “макул” деп 7 депутат добуш берген, 3 депутат “баарына каршы” деп добуш берген.

Шайлоого катышпаган депутат тууралуу.

“Жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө” Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 4-июнундагы №18 чечими менен Садыр-Аке айылдык кеңешинин депутатынын бош мандаты шайланган депутаттарынан кийинки, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер Рашев Калысбек Талапаевичке өткөрүп берилген.

КР Ысык-Көл облусунун ИИБнин маалыматык-аналитикалык борборунун Ысык-Көл АШКсына берген маалымкатына ылайык Р.К. Рашев “Кыргыз Республикасында жазык жоопкерчилигине тартылган”. Ысык-Көл райондук сотунун 2014-жылдын 14-октябрындагы чечими кошумча берилген, ага ылайык жабырлануучунун жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартканына байланыштуу Р.К.Рашевге карата жазык иши токтотулган.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, соттуулугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.

Кыйла кеңири жана анык маалымат алуу үчүн 2019-жылы 10-июнда КР ИИМдин МТББга суроо-талап жөнөтүлдү. КР ИИМдин МТББнын  2019-жылдын 17-июнундагы маалыматына ылайык, “Р.К. Рашев Ысык-Көл районунун ИИБнин Тергөө бөлүмү тарабынан КР КЖ 105-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон №15-14-330 кылмыш-жаза иши боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган. Бирок иш боюнча чечим түшкөн эмес”. КР Жазык-процесстик кодексинин 28-беренесине ылайык, жабырлануучунун жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартканы жазыктык сот ишин жүргүзүүнү жокко чыгаруучу жагдайларга кирет. Баяндалгандан улам бүгүнкү күнгө карата Р.К. Рашев Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок жана Садыр-Аке айылдык кеңешинин депутаттыгына каттоого жатат.

Мында Борбордук  шайлоо комиссиясы БШК КР ИИМдин МТББга суроо-талап жөнөткөндүгүнө байланыштуу Р.К. Рашев добуш берүүгө катышпаганын белгилейт. КР ИИМдин МТББдан маалымат 2019-жылы 17-июнда түштү, Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 14-июнда болуп өттү.

Баяндалганга байланыштуу, Жумушчу топ арыз ээсинин 2019-жылы 14-июнда болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжаларын жокко чыгаруу жөнүндө талаптарын канааттандырууга укуктук негиздер жок экенин билдирет.

Баяндалгандардын негизинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун чечимин эске алып, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧТИ:

1. Б.Ж. Омуркановдун 2019-жылы 14-июнда болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжаларын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусун канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.Ушул чечимдин аткарылышына контролдук жүргүзүү Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А.Т. Асаналиевге тапшырылсын.

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 20-июнь 2019-жыл  
№ 3