01.10.2021 №296 №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

 

№12 Өзгөн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкер катары көрсөтүлгөн Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 30-сентябрындагы (кириш № 01-12/3153) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №12 Өзгөн шайлоо округунан, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акматалиев Асанбек Тургунбаевич катталсын.

2. №12 Өзгөн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акматбек уулу Элдиярбек катталсын.

3. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырыстамалар берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                  Т. ШАЙНАЗАРОВ

 

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 1-октябры

296