14.12.2020 №291 Жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына

Жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык эмес уюмдарга, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусу жѳнүндѳ

 

         Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» 2020-жылдын 11-декабрындагы 6 Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын нормаларына жараша, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчилике алып, жарандарды, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарды, саясий партияларды, жалпыга маалымдоо каражаттарды, коммерциялык эмес уюмдарды, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучуларды маалымдоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1.Жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык эмес уюмдарга, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо  жана  референдум  ѳткѳрүү  боюнча  борбордук комиссиясынын кайрылуусунун тексти бекитилсин.

2.Ушул чечим жана кайрылуунун тексти Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                  

Бишкек ш., 2020-жылдын 14-декабры

№ 291