№29 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен А.Н. Аванесовду сыйлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасындагы Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы жана Бириккен улуттар уюмунун туруктуу координатору, БУУӨПнын туруктуу өкүлү Аванесов Александр Николаевич тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун реформалоого кошкон зор салымын эске алып, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1.Бириккен улуттар уюмунун тутумунун туруктуу координатору, БУУӨПнын туруктуу өкүлү Аванесов Александр Николаевич Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлансын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Абдрахматовага жүктөлсүн.

ТӨРАГА   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 13-июнь 2017-ж.

№29