Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 28.05.2023г. №118 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу …

28.05.2023г. №118 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Ниязалиеванын ыйгарым укуктуу ѳкүлү У.С. Сарыбаевдин талапкер Э.Д.Искаковго карата арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Ниязалиеванын ыйгарым укуктуу ѳкүлү У.С. Сарыбаевдин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.Д. Искаковго карата арызы ж
өнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2023-жылдын 28-майында ыйгарым укуктуу ѳкүл У.С. Сарыбаевдин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.Д. Искаковдун каттосун жокко чыгаруу жѳнүндѳ арызы келип түшкѳн.

Арыз ээси 2023-жылдын 28-майынын саат 00.00 до депутаттыкка талапкер Э.Д. Искаков, Д.А. Ниязалиеванын үгүттөөчүлөрү добуштарды сатып алууну жүргүзүп жатканда кармалды деп, алардан табылган үгүт материалдарына таянып, «Инстаграм» социалдык түйүнүндө ѳзүнүн баркачасына жана башка ресурстарга видеосун жайгаштырган.

Мындай билдирүүнү негизсиз жана чындыкка туура келбейт деп эсептейт, анткени үгүт материалдары 2023-жылдын 27-майында чыгарылып таркатылган жана бардык эле жарандарда бар болушу мүмкүн, видеодо кѳрсѳтүлгѳн адам депутаттыкка талапкер Д.А. Ниязалиевага тийешеси жок жана анын үгүттөөчүсү эмес. Бирок, ушуга карабастан талапкер Э.Д. Искаков фактыны бурмалоо менен атайылап ушундай материалды бир нече ирет чыгарып жатат. Ушуга байланыштуу талапкер Э.Д. Искаковго карата анын талапкер катары каттоосун жокко чыгаруу түрүндѳ чара кѳрүүнү суранат.

Талапкер, Э.Д. Искаков тарабынан «Кыргыз Республикасыныни Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 28-беренесинин 5-бѳлүгүнүн ченеми бузулган деп белгилейт, ал жерде «Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишмердик беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз…» деп айтылган.

Арызга депутаттыкка талапкер Э.Д. Искаков «Инстаграм» социалдык түйүнүндө жарыялаган видеоматериалы тиркелген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда талапкер Д.А. Ниязалиеванын ыйгарым укуктуу ѳкүлү У.С. Сарыбаев добуштарды сатып алуу жѳнүндѳ иш боюнча укук коргоо органдарында иликтѳѳ жүрүп жаткандыгын билдирди. Талапкер Э.Д. Искаков чындыкка туура келбеген видеону жарыялаган деп эсептейт жана талапкерди шайлоодо мүмкүн болуучу кесепетти баяндады деп билдирди. Ушуга байланыштуу талапкердин каттоосун жокко чыгарууну ѳтүндү.

Талапкер Э.Д. Искаковдун ыйгарым укуктуу ѳкүлү А.Т. Сасыбаева талапкер Э.Д. Искаков видеодо үгүттөчүлөрдүн кармалгандыгы жана кармалган жерде талапкер Д.А. Ниязалиеванын үгүт буклеттери табылгандыгын айтып бергенин түшүндүрдү.

Борбордук шайлоо комиссиясы арызды жана ага тиркелген материалдарды карап чыгып, Жумушчу топтун жетекчисинин маалыматын жана ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрдү угуп, тѳмѳндѳгүдѳй жыйынтыкка келди.

Конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 2-бѳлүгүндѳ талапкердин каттоосун жокко чыгарууну камтыган бардык негиздери каралган.

Талапкер Э.Д. Искаковдун тиркелген видеоматериалдагы кыймыл арекетинде, шайлоо мыйзамдарында белгиленген каттоосун жокко чыгаруучу негиздер жок.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык: «Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт жана кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрөт».

Ошону менен бирге, Борбордук шайлоо комиссиясы билдирилген талаптардын чектеринен чыга албайт.

Баяндалгандардын негизинде, арыз ээсинин талаптарын, Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышчууларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Ниязалиеванын ыйгарым укуктуу ѳкүлү У.С. Сарыбаевдин арызындагы талаптары канаатандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү, Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо жана үгүт жүргүзүү маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси
У.К. Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                               Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2023-жылдын 28-майы

№118