Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 24.11.2020 №275 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди …

24.11.2020 №275 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү этабынын жыйынтыктары жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (мындан ары – конституциялык Мыйзам) ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) 2020-жылдын 25-октябрындагы № 265 токтому менен бекитилген 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планына ылайык шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күнү талапкерлерди көрсөтүү башталган жана шайлоо күнүнө чейин 56 календардык күн калганда - 2020-жылдын 14-ноябрында аяктаган.

Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугу өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга, ошондой эле шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө карата белгиленген тартипте каттоодон өткөн саясий партияларга таандык.

2020-жылдын 14-ноябрынын 23 саат 59 мүнөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү этабы аяктады жана 2020-жылдын 14-ноябрына карата абал боюнча КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү жөнүндө 65 жарандардан арыз келип түшкөн (8-аял жана 57 эркек). Алардын ичинен 64 жаран өзүн өзү көрсөтүү тартибинде жана 1 жаран саясий партия тарабынан көрсөтүлүп (С.А. Турдумалиев «Улутман» Республикалык партиясынан) документтерин берген.

Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү үчүн талапкер же талапкерди көрсөткөн саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясына конституциялык мыйзамдын 49-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык арыз менен бирге документтерди беришет.

Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызмат ордуна көрсөтүү жөнүндө арыз бергендердин ичинен:

- мамлекеттик мекемелерде иштегендери  – 5;

- коммерциялык эмес уюмдарда - 30;

- КР ЖК депутаттары – 3;

- убактылуу иштебегендер – 24;

- пенсионерлер – 3.

Курак категориясы:

- 35 жаштан 45 жашка чейин – 31;

- 45 жаштан 55 жашка чейин – 30;

- 55 жаштан 65 жашка чейин - 4.

Конституциялык мыйзамдын 50-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык «Президенттин кызмат ордуна талапкердин Конституцияда ага карата коюлган талаптарга ылайыктуулугун Борбордук шайлоо комиссиясы ушул конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер алынгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү ырастаманы (маалымдаманы) талапкерге берген учурдан тартып 10 (мөөнөттүн кыскаргандыгын эске алсак -8) календардык күндүн ичинде аныктайт. Мында Президенттин кызмат ордуна талапкердин Кыргыз Республикасында жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашагандыгы тууралуу факт чек аралар боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматынын негизинде белгиленет.

Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн талапкер Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келерин ырастаган маалымдаманы көрсөтүлгөн талапкерге берүүгө милдеттүү.».

Кыргыз Республикасыныни Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топ тарабынан ыйгарым укуктуу органдардын расмий маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана конституциялык мыйзамында белгиленген талаптарга талапкерлердин документтеринин ылайыктуулугунун текшерүүсү жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык мыйзамдын 50-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык «Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, чет мамлекеттин жарандыгы жок, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат».

Көрсөтүлгөн бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын жарандыгы боюнча мыйзамдардын талаптарына жана курагы боюнча ылайык келет.

8 талапкерден (Зарипова А. А., Араева А. М., Акжолтоев Т.А., Лилиенталь Ю.В., Капаров Ч. К., Искендеров Ж. У., Клипачева Е. С., Аджиматов С. А.; 1 талапкер - Базаркулов К. Д. – белгиленген мөөнөттү бузуу менен берген) мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат берилген эмес.

Конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык: «Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого, шайланууга укуксуз.».

Конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык: «Соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз.».

3 талапкердин соттуулугу жоюлбагандыгы (Асанов Б. Ж., Кадыров К. Б., Мотуев Н. А. – жоюлбаган соттулугу бар жана соттун өкүмүнүн негизинде жаза мөөнөтүн өтөөдө) аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан, Кыргыз Республикасмынын Мамлекеттик чек ара кызматынан, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынан алынган маалыматтарына, ошондой эле «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аркеттенүү системасы аркылуу алынган маалыматтардын негизинде көрсөтүлгөн 50 талапкерге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин дептутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына  ылайыктуулугу жөнүндө маалымкат берилген.

КР БШКнын 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 273 чечими менен көрсөтүлгөн 12 талапкерге документтерин кайтарып берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун чечими жактырылды:

- 3 талапкерге конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүндө каралган негиздер боюнча (Асанов Б.Ж., Кадыров К.Б. жана Мотуев Н.А.);

- 9 талапкерге конституциялык мыйзамдын 49-беренесинин 5-бөлүгүнүн  4-пунктунда, 51-беренесинде каралган негиздер боюнча (Зарипова А,А., Араева А. М., Акжолтоев Т.А., Лилиенталь Ю.В., Капаров Ч. К., Искендеров Ж. У., Клипачева Е. С., Аджиматов С. А., Базаркулов К. Д.).

2020-жылдын 24-ноябрындагы абал боюнча 6 талапкерден (Бакетаев Б.К., Тургуналиев Ж.Т., Исмаилова К.Дж., Кайыпов М.Т., Мадинов О.К., Жумабеков Т. Т.) КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз келип түшкөн. 

2020-жылдын 24-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна бардыгы болуп 47 талапкер көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун маалыматын угуп жана талкуулап, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 49, 50, 51-беренелеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун көрсөтүлгөн талапкерлердин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайыктуулугу жөнүндө чечимдери жактырылсын жана көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

2. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

БШКнын мүчөсү А. Сариевдин - өзгөчө пикири. 

ТӨРАГА                                                                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 24 - ноябры

№ 275