Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 26.12.2023 №225 Н.А. Ташматовдун арызы жөнүндө

26.12.2023 №225 Н.А. Ташматовдун арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Н.А. Ташматовдун арызы жөнүндө

 

2023-жылдын 4-декабрында Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын №5 чечими менен Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Н.А.Ташматовго карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

2023-жылдын 5-декабрында Н.А.Ташматов Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине арыз менен кайрылган.

Н.А. Ташматов өзүнүн арызында 2023-жылдын 17-февралында Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун өкүмү менен 100 000 сом айыпка тартылганын көрсөткөн. Н.А. Ташматов айып пул төлөнүп берилгендиктен, азыркы учурда анын соттуулугу жок деп эсептейт.

Ошол себептен, Н.А. Ташматов Лейлек айылдык кеңешинин депутаттык мандатын кайтарып берүүнү жана анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүүдөн баш тартууну өтүнөт.

Берилген материалдарды жана арыздын жүйөлөрүн изилдеп чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.

2021-жылдын 7-майындагы Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын №88 чечими менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 1-майындагы №191 токтомунун негизинде Ташматов Нурланбек Авалбекович Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылдык кеңешинин депутаты болуп катталган.

Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун 2023-жылдын 17-февралындагы (УД-02/23-Ба4) айыптоо өкүмү менен Н.А. Ташматов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинин
1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 1000 эсептик көрсөткүчтүн  өлчөмүндө (100 000 сом) айыпка тартылган.

2023-жылдын 17-февралында Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун Н.А.Ташматовго карата айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын №5 чечими менен Н.А.Ташматовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши негиз болуп саналат, «Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу негиз келип чыккан күндөн тартып тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы 30 календарлык күндөн кечиктирбестен кабыл алган чечим менен жүзөгө ашырылат».

Жогорудагы Мыйзамдын талаптарынын негизинде, Борбордук шайлоо комиссиясы Н.А.Ташматовдун арызындагы талаптарды канааттандыруудан баш тартылсын деген тыянакка келет.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 4-декабрындагы № 5 чечими «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын 3-беренесинин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин ченемдерине ылайык келет.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конститутциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Н.А.Ташматовдун арызы боюнча талаптарды канаатандыруудан баш тартылсын.

2.  Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2023-жылдын 26-декабры

№ 225