Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 26.10.2024 №285 Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча укук коргоо …

26.10.2024 №285 Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча укук коргоо органдары тарабынан кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ Ыкчам чара кѳрүүнүн координациялык тобунун маалыматы жѳнүндѳ, ошондой эле №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасы

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча укук коргоо органдары

тарабынан кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ Ыкчам чара кѳрүүнүн координациялык тобунун маалыматы жѳнүндѳ, ошондой эле №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн укук бузуулар боюнча арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун

маалыматы тууралуу

 

2024-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) жыйынтыктоочу жыйынынын алкагында шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча укук коргоо органдары тарабынан кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ Ыкчам чара кѳрүүнүн координациялык тобунун маалыматы, ошондой эле №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө БШКга келип түшкөн укук бузуулар боюнча Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун маалыматы угулду.

Жыйынга укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү: Кыргыз Республикасынын ИИМ ТК бөлүмүнүн башчысы А.А. Дүйшөналиев, Жалал-Абад облусунун ИИБ башчысынын орун басары К.И. Калыков, Сузак районунун ИИБ башчысынын орун басары Б.С. Насирдинов. Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Т.М. Досоев, Сузак районунун прокурору Р. Т. Аманатаев, ошондой эле Сузак ОШК тѳрагасы Г.Ж Сапарова катышты.

КР БШКнын коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.К.Океевдин №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча ЫЧКК тарабынан кабыл алынагн чаралар жөнүндө маалыматы угулду..

№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жалпысынан шайлоо мыйзамдарын бузуу тууралуу 18 билдирүү келип түшкөн. Алардын ичинен:

- БШКнын ыкчам чара кѳрүү координациялык тобуна – 9;

анын ичинен: 3 - шайлоого даярдык көрүү учурунда, 4 - добуш берүү күнү жана 2 - добуш берүү күнүнөн кийинки күнү келип түшкөн.

1. Келип түшкөн арыздардын, кайрылуулардын, билдирүүлѳрдүн мүнөзү:

- добуштарды сатып алуу мүмкүндүгү жөнүндө – 3

- шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн шарттарын бузуу жөнүндө - 2

- башка мыйзам бузуулар – 4 (шайлоо күнүндөгү үгүт иштерине байланыштуу бузуулар).

2. Бузуулар жөнүндө маалыматтардын/билдирүүлѳрдүн булактары:

- депутаттыкка талапкерлерден жана алардын өкүлдөрүнөн – 8

- укук коргоо органдарынан – 1

3. ОШК тарабынан мыйзам бузуулар боюнча көрүлгөн чаралар:

- 1 даттануу боюнча арыз канааттандыруусуз калтырылган (ОШК тарабынан чечим чыгарылган).

- Жалал-Абад облусунун ИИБсына юридикалык баа берүү үчүн 5 арыз жана кайрылуу жөнөтүлгөн;

№13 Сузак округу боюнча шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча укук коргоо органдары тарабынан көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын ИИМ ТК бөлүмүнүн башчысы А.А. Дуйшеналиевдин маалыматы угулду.

А.А.Дүйшеналиев белгилегендей, №13 Сузак округу боюнча шайлоо мыйзамдарын бузуу жѳнүндѳ 18 материал катталган. Бардык 18 материал боюнча Сузак РИИБ ТК жана Жалал-Абад ОИИБ ​​тарабынан жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде «кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу» кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Ошондой эле, бардык материалдар боюнча тиешелүү процессуалдык чечимдер кабыл алынганын жана округ боюнча каралбай калган материалдар жок экенин билдирди.

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Т.М.Досов прокуратура тарабынан Жалал-Абад облусунун ИИБ ТК токтомдорунун мыйзамдуулугу текшерилип, анын жыйынтыгы менен чыгарылган чечимдер мыйзамдуу жана негиздүү деп таанылганын билдирди.

Укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын маалыматтары боюнча бардык келип түшкөн арыздар, даттануулар жана билдирүүлөр каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган.

Добуш берүүдө, добуштарды эсептөөдө же шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөдө шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен, шайлоо күнү үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бердирбеген жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга байланышкан шайлоо мыйзамдарын бузуулар тууралуу текшерилбеген материалдар жок.

Укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын маалыматын угуп жана талкуулап, арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топтун маалыматын эске алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралындагы № 33 токтому менен бекитилген “Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) ишинин тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча укук коргоо органдары тарабынан кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ Ыкчам чара кѳрүүнүн координациялык тобунун маалыматы, ошондой эле №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө БШКга келип түшкөн укук бузуулар боюнча арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топтун маалыматы эске алынсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Ыкчам чара кѳрүүнүн координациялык тобунун жетекчиси Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

 

ТѲРАГА Н.К. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 26 сентябрь 2024 ж.

№285