Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 26.06.2024 №231 № 36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча …

26.06.2024 №231 № 36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Сартмановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ш.Кайыповдун У.Алтымышовго карата арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2024-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.А.Сартмановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ш.Т.Кайыповдон арыз ( №12/1178, 24.06.2024-ж.) келип түшкөн.

2024-жылдын 24-июнунда БШКга №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Тыналиевдин тарапкери У.Алтымышов WhatsApp мессенжери аркылуу жалган маалыматты камтыган аудиоматериал тараткандыгы тууралуу №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Сартмановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ш.Кайыповдон арыз келип түшкөн. Арыз ээси таркатылган мындай маалымат талапкер М.Сартмановдун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген деп эсептейт жана бул маалыматты текшерип, юридикалык баа берүүнү өтүнөт (арызга аудио билдирүү тиркелген).

2024-жылдын 24-июнунда Ш.Кайыповдун арызы Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун жыйынында каралап, № 36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Сартмановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ш.Кайыповдун, №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Тыналиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Б.К.Молдосановдун билдирүүлѳрү угулган.

№36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Тыналиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Б.К.Молдосанов У.Алтымышовдун талапкер А.Тыналиев менен эч кандай байланышы жок экендигин билдирди.

Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топ БШКга Ш.Кайыповдун арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуштайт.

Соттуулугун жаппаган жаран Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты боло албайт, ошондуктан БШК парламенттин депутаттыгына талапкер катары каттоо алдында текшерүү жүргүзөт. Талапкерлердин соттуулугу тууралуу маселе Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде, атап айтканда, анын бөлүмү - Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгында (КР ИИМ МТББ) кароонун предмети болуп саналат.

БШК ведомстволор аралык «Тундук» электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу шайлоого катышууга ниеттенген жарандардын соттуулугу жөнүндө ведомстволор менен маалымат алмашууну жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын 2024-жылдын 24-майында берген маалыматына ылайык, №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.М.Сартмановдун текшерүү учурунда жабыла элек соттуулугу жок болгон.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык: «Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишмердик беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз...».

Эгерде тигил же бул тарап жарыяланган маалыматтарды жалган же талапкерлердин ар-намысына шек келтирген маалымат деп эсептесе, анда маселени жөнгө салуу жана чечүү жолдору жетиштүү экенин БШК кызыкдар тараптарга сунуштап, түшүндүрдү.

Ошондой эле конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 8-бѳлүгүнѳ ылайык, талапкерлер жана алардын ѳкүлдѳрү укукка сыйбаган үгүт иштерине бѳгѳт коюу жана күнѳѳлүүлѳрдү жоопкерчиликке тартуу талабы менен укук коргоо органдарына же сотко кайрылууга укуктуу.

Баяндалгандардын негизинде, Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Талапкер М.А.Сартмановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ш.Т.Кайыповдун арызын канааттандырудан баш тартылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси У. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

ТѲРАГА                                                                                                        Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 26-июну

№231