23.09.2021 №258 №28 Октябрь шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Усупов Тилек Сабыровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

 

№28 Октябрь шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкер катары көрсөтүлгөн  Усупов Тилек Сабыровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 21-сентябрындагы (кириш № У-359) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо  жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №28 Октябрь шайлоо округунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн   Усупов Тилек Сабыровичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Джуманазаров Марат Кочконбаевич катталсын.

2. №28 Октябрь шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Усупов Тилек Сабыровичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Батилов Болотбек Дженишович катталсын.

3. №28 Октябрь шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Усупов Тилек Сабыровичтин катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 23-сентябры

№ 258