09.09.2021 №242 «Аалам» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
«Аалам» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
2021-жылдын 8-сентябрында «Аалам» саясий партиясы мурда сунуш кылган шайлоо жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Б. М. Малабаевди жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары А. С. Арыкбаеваны дайындоо жөнүндө билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧТИ:
1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-сентябрындагы № 181 чечими менен «Аалам» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары катталган Атакулова Гулжамал Эсеналиеванын каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Аалам» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Атакулова Гулжамал Эсеналиевнага берилген № 37 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-сентябрындагы № 181 чечими менен «Аалам» саясий партиясынын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары катталган Джаныкулова Гульвира Сейдахматованын каттоосу жокко чыгарылсын.
4. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Аалам» саясий партиясынан финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Джаныкулова Гульвира Сейдахматовага берилген № 38 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
5.«Аалам» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Малабаев Бакытбек Малабаевич катталсын.
6. «Аалам» саясий партиясынын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Арыкбаева Анара Сыргаковна катталсын.
7. «Аалам» саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
8. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
9. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 9-сентябры
№242