24.11.2024 № 312 Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Б. Мураталиевдин арызы жөнүндө

Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер
А.Б. Мураталиевдин арызы жөнүндө

 

2024-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК) Талас облусунун Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Мураталиев Асан Абдыбековичтин арызы келип түшкөн.

А.Б. Мураталиев арызында Бакай-Ата айылдык кеңешинин №3 шайлоо округунун №6059 шайлоо участкасында мыйзам талаптары одоно бузулган деп белгилейт.

Арыздануучу өзүнө талапкер катары жана байкоочусу Сулайманов Кубандык Касымовичке күбөлүк берилбегендигине байланыштуу добуштарды кол менен эсептөөгө катыша албагандыгын жазган.

2024-жылы 17-ноябрында №6059 шайлоо участкасында автоматтык эсептөөчү урна жараксыз деп тапкан 11 бюллетенди кол менен саноодо жарактуу деп таанылып, талапкерлерге бөлүштүрүлгөндүгүн мыйзамсыз деп эсептейт жана А.М. Алымбаев, А.Ш. Каработоев, М.Т. Исабековдордун талапкер катары каттоосун жокко чыгаруу же №6059 шайлоо участкасынын шайлоо жыйынтыгын жараксыз деп табууну сураган.

2024-жылдын 19-ноябрында А.Б. Мураталиев арызда көрсөтүлгөн дооматтарына далил катары шайлоо участкасындагы видео жаздырууну кароо үчүн Бакай-ата аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Б.С. Чукотаевге кайрылган.

2024-жылдын 21-ноябрында Бакай-ата аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан №1/7-8 кат менен №6059 шайлоо участкасында мыйзам бузуу катталбагандыгы тууралуу жооп алган.

2024-жылдын 24-ноябрында арыз БШКнын отурумунда каралып, Бакай-Ата шайлоо комиссиясынын төрагасы – Б.О. Чукотаев жана арыздануучу А.Б. Мураталиевдин катышуусунда каралды.

А.Б. Мураталиев жана анын байкоочусу күбөлүктөрүн алып кетпегендигин билдирип, күбөлүктөрүн алып кетүү боюнча Б.С. Чукотаев телефон аркылуу билдирүү бергенин тастыктады.

БШКнын отурумунда Б.С. Чукотаев  №6059 шайлоо участкасын төрагасы 11 бюллетенди кол менен саноодо жарактуу деп табуу үчүн комиссияга добуш берүүгө коюп, бир добуштан колдоо тапканын билдирген.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) 36-беренесинин 11-бөлүгүнүн 2-абзацына ылайык, “шайлоо бюллетенин жараксыз деп табууда шектенүү келип чыккан учурда участкалык шайлоо комиссиясы маселени добуш берүү менен чечет, мында шайлоо бюллетенинин арткы бетинде анын жараксыздыгынын себеби көрсөтүлөт жана бул жазуу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын койгон колу менен ырасталат жана комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт”. 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) 36-беренесинин 11-бөлүгүнүн 2-абзацына ылайык, “шайлоо бюллетенин жараксыз деп табууда шектенүү келип чыккан учурда участкалык шайлоо комиссиясы маселени добуш берүү менен чечет, мында шайлоо бюллетенинин арткы бетинде анын жараксыздыгынын себеби көрсөтүлөт жана бул жазуу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын койгон колу менен ырасталат жана комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт”.

Мыйзамдын 36-беренесинин 12-бөлүгүнө ылайык, “участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуштарды эсептөө учурунда бардык катышып отурган адамдарга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролу астында шайлоо бюллетендери менен өз көзү менен көрүп таанышууну сунуш кылат. Автоматтык эсептөөчү урнадагы маалыматтар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн маалыматтары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарына дал келбеген учурда талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн же байкоочунун добуштарды кайра эсептөөнү жүргүзүү талабы боюнча шайлоо бюллетендери талапкердин, саясий партиянын өкүлдөрүнүн же байкоочунун түздөн-түз катышуусунда жана алардын көрүп туруп контролдоо мүмкүнчүлүгүн түзүү менен кайра эсептелет. Мында шайлоо бюллетендери үн чыгарып эсептелет.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча белгиленет”.

БШК  А.Б. Мураталиевдин арызын карап чыгып, тараптардын пикирин угуп, Бакай-Ата шайлоо комиссиясына арыздарды кароодо тараптарды отурумга чакырып чечим чыгаруу зарыл экендигин белгилейт.

Жогоруда баяндалгандардын  негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарды шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы №212 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын карап чыгышынын тартиби жөнүндө” жобону  жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ  КЫЛАТ:

1. Мураталиев Асан Абдыбековичтин арызын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Бакай-Ата шайлоо комиссиясына арыздарды жана даттанууларды кароодо мыйзамдын талаптарын аткаруу эскертилсин.

3. Бакай-Ата айылдык кеңешинин №3 шайлоо округунун №6059 шайлоо участкасында кайра эсептөө жүргүзүлсүн.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу тобунун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын  24-ноябры

№312