Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 24.02.2022 №195 А. Акжол уулунун макаласы боюнча №29 …

24.02.2022 №195 А. Акжол уулунун макаласы боюнча №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш.К. Атазовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн арызы жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

 

А. Акжол уулунун макаласы боюнча

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш.К. Атазовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн арызы жѳнүндѳ

 

2022-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) «Фейсбук» социалдык түйүнүнѳ журналист, интернет-блогер Акжол уулу Адылдын макаласына байланыштуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш.К. Атазовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү А.А. Жапаровдун арызы (№01-14/354) келип түшкѳн.

Арыз ээси 2022-жылдын 18-февралында журналист, интернет-блогер Акжол уулу Адыл аталган макалага активдүү шилтемелерди кѳрсѳтүү менен «Атазовдун дабдыраган бригадасы», «Шайлообек Атазовдун ишенимдуу адамы Ташиев менен Жапаровду согуп жатат» деген темада «Фейсбук» социалдык түйүнүнѳ макаласы чыкканын кѳрсѳткѳн.

Арыз ээсинин пикири боюнча, аталган макала №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш.К. Атазовдун абийирине, ар-намысына же ишмердик беделине зыян келтирген, жалган жана анык эмес, мазактоо болуп саналат.

Арыз ээси ошондой эле аталган видеодо талапкердин ишенимдүү адамы катары кѳрсѳтүлгѳн адам №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш.К. Атазовдун ишенимдүү адамы болуп саналбай тургандыгын, жана талапкердин штабына жана командасына эч кандай тийиштүүлүгү жок экендигин билдирген.

А. Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 28-беренесине, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексине таянуу менен: 1) журналист А. Акжол уулун чындыкка туура келбеген макаланы тѳгүндѳѳгѳ милдеттендирүүнү; 2) А. Акжол уулун Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 66-беренесине ылайык административдик жоопкерчиликке тартууну суранган.

2022-жылдын 24-февралында Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жана үгүт эрежелери маселелери боюнча Жумушчу тобуна арызга кошумча келип түшкѳн, кошумчада Акжол уулу Адыл менен байланышууга болбой жаткандыгына байланыштуу аталган макалага тѳгүндѳѳ берүү мүмкүнчүлүгү болбой жаткандыгы жѳнүндѳ билдирилген.

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 24-февралындагы жыйынына арыз ээси - №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш.К. Атазовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү - А.А. Жапаров, журналист, блогер Акжол уулу Адыл чакырылган жана билдирүүлѳрү угулган.

Борбордук шайлоо комиссиясы келип түшкѳн арызды жана ага тиркелген материалдарды карап чыгып, тараптарды угуп, тѳмѳндѳгүлѳрдү аныктады.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ ылайык, «Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишмердик беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз».

Конституциялык Мыйзамдын 19, 20-беренелерине ылайык, талапкердин ыйгарым укуктуу ѳкүлү жана ишенимдүү адамы талапкердин сунуштамасы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясында катталат, аларга тийиштүү чечим чыгарылып, белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүк берилет.

 

Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алган чечим боюнча катталган ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрдүн жана ишенимдүү адамдардын реестрине ылайык макаладагы видеодо кѳрсѳтүлгѳн белгисиз адам Сыргаков Жолдош №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш.К. Атазовдун ишенимдүү адамы же башка ѳкүлү катары катталган эмес.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бѳлүгүндѳ Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартиби сакталышын контролдоосу жана жол берилген укук бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүүсү каралган.

Депутаттыкка же башка шайлануучу кызмат ордуна талапкер жөнүндө талапкердин ар-намысына же кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды билип туруп жайылткандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 66-беренесинде каралган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 66-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы №118 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобону, 2017-жылдын 7-июлундагы №212 «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. А Акжол уулунун макаласындагы видеодо кѳрсѳтүлгѳн адам №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш.К. Атазовдун ишенимдүү адамы же башка ѳкүлү эмес экендиги эске алынсын.

2. Материалдар Акжол уулу Адылды Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 66-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартуу жѳнүндѳ маселени кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жѳнѳтүлсүн.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялангсын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселеси жана үгүт жүргүзүү эрежеси боюнча Жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2022-жылдын 24-февралы

№195