Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 05.06.2017 №24 “Ата-Журт” мекенчил партиясы” саясий партиясынын Жалал-Абад …

05.06.2017 №24 “Ата-Журт” мекенчил партиясы” саясий партиясынын Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Казакбаевдин 2017-жылдын 1-июнундагы кайрылуусу жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Ата-Журт” мекенчил партиясы” саясий партиясынын Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Казакбаевден (мындан ары- ыйгарым укуктуу өкүл Т. Казакбаев) 2017-жылдын 1-июнунда арыз (кир. № 01-14/771) келип түшкөн.

Ыйгарым укуктуу өкүл Т.Казакбаев өзүнүн арызында идентификациядан өткөн шайлоочулардын саны менен добуш берген шайлоочулардын санынын ортосундагы айырмачылыктарына көрсөткөн. Мамлекеттик каттоо кызматынын (мындан ары-МКК) чегине ылайык, №2098 шайлоо участкасында идентификациядан өткөн шайлоочулардын саны 1171 түзөт, ал эми автоматтык эсептөө урнанын чегине ылайык добуш берген шайлоочулардын саны 1174 түздү.

Ыйгарым укуктуу өкүл Т.Казакбаев идентификациядан өтпөй калган 3 адамдын ордуна шайлоо бюллетендер жөн эле салынган деп эсептейт жана  ушуга байланыштуу  Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 30-майындагы № 20/17 протоколун (чечимин), №2098 шайлоо участогу боюнча 2017-жылдын 28-майындагы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколун жокко чыгарууну жана №2098 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табууну өтүнөт.

КР БШКнын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун чечими менен Т.Казакбаевдин даттануусу канаатандыруусуз калтырылды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жоопкерчилигин кароо сунушталган.

Кызыкдар тараптардын жүйөлөрүн угуп, ошондой эле бардык көрсөтүлгөн материалдарды иликтеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүдөй жыйынтыкка келет.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүүнүн тартибин бузуу менен байланышкан, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген жоболорду бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар деп түшүнүлөт.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыз же даттануу менен кайрыла алат. Арыз, даттануу жүйөлүү болуп жана алар негизденген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 7-бөлүгүнүн 5 абзацына ылайык, добуш берүү үчүн ящиктерден алып чыгылган шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участогунда шайлоочуларга берилген бюллетендердин санына дал келүүсү же болбосо андан аз болууга тийиш. 

МККнын өкүлү Ж.Жапарова тарабынан шайлоочуларды индентификациялоодо эсептөө машина техникалык катачылык кетиргендиги жөнүндө түшүндүрмө берилген факты, ошондой эле МКК идентификациялоодо жана чек берүүдө чыккан каталарды жоюу боюнча чараларды көрүп жаткан жагдайлар эске алынды.

Ушундан улам, №2098 шайлоо участогу боюнча шайлоо участогунда турган добуш берүү үчүн үкөктөрдөн алынган шайлоо бюллетендеринин саны так аныкталган, ал шайлоочуларга берилген бюллетендердин саны менен дал келди, ошондой эле МККнын чектерин кол менен эсептегенде идентификациядан өткөн шайлоочулардын саны добуш берген шайлоочулардын саны менен дал келди, жогоруда баяндалгандарды эске алып Борбордук шайлоо комиссиясы даттанууну канааттандыруу үчүн негиздерди тапкан жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3,7,18-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 7-бөлүгүнүн 5-абзацын, 38-беренесинин 6-бөлүгүн, 41-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. “Ата-Журт” мекенчил партиясы” саясий партиясынын Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Казакбаевдин Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 30-майындагы № 20/17 протоколун (чечимин), 2017-жылдын 28-майындагы №2098 шайлоо участогу боюнча шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколун жокко чыгаруу, №2098 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө арызын канаттандыруудан баш тартылсын.

 2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Асаналиевге жүктөлсүн

 ТӨРАГА                                                                       Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 Бишкек ш., 2017-жылдын 5-июну

№ 24