Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 06.09.2021 №239 «Эркин Кыргызстан» (ЭрК) Прогрессивдүү-демократиялык партиясы» саясий …

06.09.2021 №239 «Эркин Кыргызстан» (ЭрК) Прогрессивдүү-демократиялык партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн  каттоодон баш тартуу жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

«Эркин Кыргызстан» (ЭрК) Прогрессивдүү-демократиялык партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн  каттоодон баш тартуу жѳнүндѳ

2021-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳнүндѳ ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн кѳрсѳтүү менен «Эркин Кыргызстан» (ЭрК) Прогрессивдүү-демократиялык партиясы» саяси партиясынан Т. Бакир уулу кол койгон билдирме келип түшкѳн.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен, Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышары тууралуу жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек. Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариалдык ырасталган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталуусу тийиш».

Конституциялык Мыйзамдын жогоруда кѳрсѳтүлгѳн беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык «Аткаруу бийлигинин саясий партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ишмилдеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы каттоодон өткөн саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары расмий жарыялануучу булактарга тизмени жарыялоону камсыз кылат жана ошол эле мөөнөттө көрсөтүлгөн тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет».

Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жѳнѳтүлгѳн саясий партиялардын тизмесинде (2021-жылдын 1-сентябрындагы №02-08/2612) «Эркин Кыргызстан» (ЭрК) Прогрессивдүү-демократиялык партиясы» саясий париясынын жетекчиси катары Алымкулов Раис Термечикович кѳрсѳтүлгѳн, соңку каттоо/кайра каттоо датасы катары 2001-жылдын 9-ноябры кѳрсѳтүлгѳн.

Борбордук шайлоо комиссиясына «Эркин Кыргызстан» (ЭрК) Прогрессивдүү-демократиялык партиясы» саясий партиясы берген билдирмеге Т.Бакир уулу кол койгон, тиркемеге 1997-жылдын 27-февралындагы мамлекеттик кайра каттоо жѳнүндѳ күбѳлүктүн кѳчүрмѳсү тиркелген.

Мындай билдирмени алганда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүүдѳ талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ жогоруда кѳрсѳтүлгѳн ылайык келбѳѳ тууралуу билдирмесин Т. Бакир уулуна берген (2021-жылдын 3-сентябрындагы чыг.№ 01-14/886).

2021-жылдын 6-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине «Эркин Кыргызстан» (ЭрК) Прогрессивдүү-демократиялык партиясы» саясий партиясынын жетекчисине жана мамлекеттик кайра каттоо жѳнүндѳ күбѳлүгүнүн аныктыгына байланыштуу актуалдаштырылган маалыматты берүү жѳнүндѳ билдирмесин (2021-жылдын 6-сентябрындагы № 02-08/898) берген.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 2021-жылдын 6-сентябрындагы №02-08/2755 катында юридикалык жактардын, филиалдардын (ѳкүлчүлүктѳрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестрине ылайык Алымкулов Раис Термечикович «Эркин Кыргызстан» (ЭрК) Прогрессивдүү-демократиялык партиясы» саясий партиясынын жетекчиси болуп саналарын билдирген.

Мындан тышкары, саясий партия кѳрсѳткѳн 1997-жылдын 27-февралындагы каттоо күбѳлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2001-жылдын 9-ноябрындагы № 4600 буйругу менен аталган саясий партияны кайра каттагандыгын жана мамлекеттик кайра катоо жѳнүндѳ жаңы күбѳлүк берилгендигин, ушуга байланыштуу тиркелген мамлекеттик кайра каттоо жѳнүндѳ күбѳлүк анык эмес болуп саналарын Юстиция министрлиги билдирген.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык «Борбордук шайлоо комиссиясы зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу өкүлдөргө ырастама берет же ушул конституциялык Мыйзамга ылайык каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат».

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19, 60-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Эркин Кыргызстан» (ЭрК) Прогрессивдүү-демократиялык партиясы» саясий партиясынын Т.Бакир уулу кѳрсѳткѳн ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттоодон баш тартылсын.

2. Т.Бакир уулу кѳрсѳткѳн «Эркин Кыргызстан» (ЭрК) Прогрессивдүү-демократиялык партиясы» саясий партиясынын билдирмеси кайтарылсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 6-сентябры

№239