Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 27.05.2017 №21 Шайлоо мыйзамдардын бузулушу жөнүндө «Жакшылык-Добро» саясий …

27.05.2017 №21 Шайлоо мыйзамдардын бузулушу жөнүндө «Жакшылык-Добро» саясий партиясынын мүчөлөрүнүн кайрылуусу тууралуу

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2017-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Жакшылык-Добро» саясий партиясынын лидери Т.Элебесовдон Кара-Балта шаарынын мэри Д.А.Шабдановдун  жана Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Кара-Балта сууканалы” муниципалдык ишканасынын директору К.С.Асанбековдун аракеттерине карата кайрылуу келип түшкөн.

Арыз ээси өз кайрылуусунда, Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Кара-Балта сууканалы” муниципалдык ишканасынын  жамааты түзгөн «Жакшылык-Добро» саясий партиясы катталган учурдан тартып, Кара-Балта шаарынын мэри Д.А.Шабдановдун  жана Кара-Балта мэриясына караштуу  “Кара-Балта сууканалы” муниципалдык ишканасынын  директору К.С.Асанбеков тарабынан куугунтуктоо, талапкерлигин алып салуудан же “Жакшылык-Добро» саясий партиясын мүчөлүгүнөн чыгуудан баш тарткандыгы үчүн иштен бошотуу коркутуулары башталгандыгын көрсөтөт.

Көрсөтүлгөн материалдарды иликтеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүдөй жыйынтыкка келди.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыз же даттануу менен кайрыла алат. Арыз, даттануу жүйөлүү болуп жана алар негизденген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.

Саясий партиянын лидери Т.Элебесов кайрылууга, Кара-Балта шаарынын мэри Д.А.Шабданов жана Кара-Балта мэриясына караштуу “Кара-Балта сууканалы” муниципалдык ишканасынын  директору К.С.Асанбеков тарабынан «Жакшылык-Добро» саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлеринин жана мүчөлөрүнүн  укугун бузуунун далили катары, «Жакшылык-Добро» саясий партиясынын кеңешинин 13.05.2017-жылдагы жыйынынын көчүрмөсүн тиркеген.

Мында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кайрылуунун маңызы боюнча көрсөтүлгөн бардык жүйөлөрдү жана далилдерди текшерип жана баалап, партиянын кеңешинин жыйынынын протоколунун көчүрмөсү көңүлгө албайт жана аны сын менен кароого жатат, анткени протокол тиешелүү эмес формада көрсөтүлгөн. Ушуга байланыштуу саясий партиянын кеңешинин көрсөтүлгөн протоколу кайрылуудагы каралган маселенин маңызы боюнча далил болуп саналбайт.

Кара-Балта шаарынын мэри Д.А.Шабданов жана Кара-Балта мэриясына караштуу “Кара-Балта сууканалы” муниципалдык ишканасынын  директору К.С.Асанбеков тарабынан «Жакшылык-Добро» саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлеринин жана мүчөлөрүнүн укуктарынын бузулгандыгы же чектелгендиги жөнүндө мындан тышкары тастыктаган жүйөлүү далилдер көрсөтүлгөн жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун чечимин эске алып, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Шайлоо мыйзамдардын бузулушу жөнүндө “Жакшылык-Добро» саясий партиясынын лидери Т.Элебесовдун кайрылуусун канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Асаналиевге жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                       Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2017-жылдын 27-майы

№ 21