№20 Шайлоо мыйзамдардын бузулушу жөнүндө «Жакшылык-Добро» саясий партиясынын кайрылуусу тууралуу

2017-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары –КР БШК) «Жакшылык-Добро» саясий партиясынын мүчөлөрүнөн Кара-Балта шаарынын мэри Д.А.Шабдановдун  жана Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу  “Кара-Балта сууканалы” муниципалдык ишканасынын  директору К.С.Асанбековдун аракеттерине баа берүү жана «Жакшылык-Добро» саясий партиясынын талапкерлеринин жана мүчөлөрүнүн укугун коргоо тууралуу кайрылуу түшкөн.

Арыз ээси өз кайрылуусунда, Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Кара-Балта сууканалы” муниципалдык ишканасынын жамааты тарабынан түзүлгөн «Жакшылык-Добро» саясий партиясы катталган учурдан тартып, жетекчилик тарабынан куугунтуктоо, талапкерлигин алып салуудан же “Жакшылык-Добро» саясий партиясынын мүчөлүгүнөн чыгуудан баш тарткандыгы үчүн иштен бошотуу коркутуулары башталгандыгын көрсөтүшкөн.

Арыз ээлери, Кара-Балта шаарынын мэри Д.А.Шабданов 2017-жылдын 13-майында   “Кара-Балта сууканалы” муниципалдык ишканасынын бардык жамаатын чогултуп   жыйналыш өткөрүп, жамааттан партиянын курамынан чыгууну жана өздөрүнүн Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлик күбөлүктөрүн тапшырууну талап кылганын, ошондой эле Кара-Балта мэриясына караштуу “Кара-Балта сууканалы” муниципалдык ишканасынын  директору К.С.Асанбеков өзүнүн биринчи иш күнүнөн тартып эле ишкананын кызматкерлеринен партиянын курамынан чыгууну талап кылып, кысым жасап келгендигин көрсөтүшөт.

Кайрылуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу (мындан ары-Жумушчу топ) тарабынан каралды. Кайрылууну объективдүү жана толук карап чыгуу максатында, бардык кызыкдар тараптардын пикири угулду. Арыз ээлери өздөрүнүн талаптарын негиздеген жагдайлардын жүйөлүү далилдерди көрсөтпөгөндүгүн эске алып, Жумушчу топ кайрылууда көрсөтүлгөн талаптарды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

«Жакшылык - Добро» саясий партиясынын кайрылуусун, ошондой эле көрсөтүлгөн материалдарды иликтеп чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыз же даттануу менен кайрыла алат. Арыз, даттануу жүйөлүү болуп жана алар негизденген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун чечимин эске алып, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Жакшылык-Добро» саясий партиясынын мүчөлөрүнүн кайрылуусу канааттандыруудан баш тартылсын.

 2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Асаналиевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2017-жылдын 27-майы

№ 20