№2 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруунун өркүндөтүү боюнча жумушчу топ жана иш-чаралардын планы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды жакшыртуу максатында, шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн көтөрүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүү зарылдыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруунун өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин.

2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча 2018-2020-жылдарга иш аракеттер планы бекитилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруунун өркүндөтүү боюнча жумушчу топ жөнүндө боюнча жумушчу топтун жетекчисине Б.С. Кадыровго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                               Н.Шайлдабекова                 
Бишкек ш., 2019-жыл, 20-июнь, 
№2