24.12.2018 №18 “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен Суракматов Азиз Эмильбековичти чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу Суракматов Азиз Эмильбековичтен түшкөн жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен Суракматов Азиз Эмильбекович чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө” № 65 чечиминин талапкер Суракматов Азиз Эмильбековичти каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 24-декабры
№ 18