Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 17.11.2024 № 304 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын …

17.11.2024 № 304 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 14-ноябрдагы № 39/8 чечимине “Социал-демократтар» саясий партиясынын даттануусу жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 14-ноябрдагы № 39/8 чечимине “Социал-демократтар» саясий партиясынын даттануусу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК) “Социал-демократтар” саясий партиясынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 14-ноябрдагы № 39/8 чечимине жана аракеттерине укуктук баа берүү жөнүндө даттануу келип түшкөн.

Арызда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 14-ноябрындагы №39/8 чечими менен “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 28-беренесинин 3-бөлүгүн бузгандыгы үчүн “Социал-демократтар” саясий партиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жокко чыгарылганы көрсөтүлөт.

Өзүнүн жүйөлөрүнө кошумчалап “Социал-демократтар” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү өз арызында, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы, участкалык шайлоо комиссияларына аталган саясий партияны шайлоо бюллетенинен чийип салуу  боюнча мыйзамсыз көрсөтмө бергенин көрсөтөт. Арыз ээси ошондой эле саясий партия 2024-жылдын 15-ноябрында талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгарууга макул эместиги жөнүндө БШКга жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына расмий түрдө маалымдаганын, бирок партия Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине бул убакыт аралыгында даттануу мүмкүнчүлүнө ээ болгон.

Келип түшкөн арызды объективдүү жана ар тараптуу кароо максатында 2024-жылдын 17-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын отуруму болуп, ага Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Б.А. Конуров жана “Социал-демократтар” саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б.Т.Абдыкеримов чакырылып, алар угулду.

Отурумда “Социал-демократтар” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Т. Абдыкеримов даттанууда айтылган жүйөлөрдү айтып, аны колдоорун билдирди.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы өз сөзүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мурдагы чечими менен “Социал-демократтар” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо, Бишкек шаардык ИИБнын Тергөө кызматынын добуштарды сатып алуусу боюнча билдирген материалдарды кароонун жыйынтыгы менен   Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемдерин бузгандыгына байланыштуу жокко чыгарылган деген позициясын билдирди.

Саясий партиянын аталышын шайлоо бюллетенинен алып салуу боюнча, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү башталган учурда – 2024-жылдын 16-ноябрында, ошондой эле добуш берүү күнү – 2024-жылдын 17-ноябрында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мурда кабыл алган №39/8 чечими даттанылбаганын Б.Коңуров белгиледи.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” саясий партиясынын арызын карап чыгып, ошондой эле тараптардын пикирлерин угуп, төмөнкүдөй жыйынтыкка келет:

Мыйзамдын 42-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, “шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган аймактык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылат”.

Мыйзамдын ушул эле 42-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, “арыздар (даттануулар) шайлоо процессинин субъектине анын шайлоо укуктары бузулгандыгы, чечимдер кабыл алынгандыгы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалгандыгы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 3 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет”.

Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 33-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдерине, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 17-сентябрдагы №125 токтому менен бекитилген 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын календардык планынын 49 жана 50-пункттарына ылайык төмөндөгүлөр бекитилген:

- 2024-жылдын 16-ноябрында саат 8.00дөн 20.00гө чейин добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү;

- 2024-жылдын 17-ноябрында саат 8.00дөн 20.00гө чейин добуш берүү.

Ошону менен бирге, иштин материалдарына ылайык, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү башталган учурда - 2024-жылдын 16-ноябрында, ошондой эле добуш берүү күнү - 2024-жылдын 17-ноябрында шайлоо процессинин субъектиси өзүнүн шайлоо укуктарынын бузулгандыгын билген учурдан тартып токтоосуз кайрылуу укугу жөнүндө Мыйзамдын 42-беренесинин 8-бөлүгүндө ченемдин  бар экендигине карабастан, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мурда кабыл алынган 2024-жылдын 14-ноябрындагы №39/8 чечимине даттануу боюнча жазуу жүзүндөгү арыз “Социал-демократтар” саясий партиясы тарабынан БШКга берилген эмес.

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, “Жарандар кайрылууга болгон укугун эркин жана ыктыярдуу ишке ашырышат. Жарандардын кайрылуу укугун жүзөгө ашыруусу башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбоого тийиш”.

Мыйзамдын 30-беренесинин 14-бөлүгүнө ылайык, “шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин талапкерлер, талапкерлердин тизмеси чыгып кеткен учурда, участкалык шайлоо комиссиялары тиешелүү талапкерлер, талапкерлердин тизмеси жөнүндөгү шайлоо бюллетендериндеги маалыматтарды чийип салат”. 

Жогоруда баяндалгандардын  негизинде,  “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 31, 33, 42-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын кароосунун тартиби жөнүндө” жобону жекечиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 14-ноябрындагы №39/8 чечими күчүндө калтырылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 17-ноябры

№304